Бул тууралуу Парламенттин Коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен араб мамлекеттеринин ортосундагы алакаларды арттыруу, айрыкча лидер айымдар арасындагы байланышты бекемдөө маселелери талкууланды.

Депутат Камила Талиева мамлекетти өнүктүрүүдө аялдардын ролу чоң экенин белгилеп: “Биз биргелешкен долбоорлорду иш ашыруу менен жумушсуздукту жоюу, зордук-зомбулукту азайтуу, социалдык жоопкерчиликти жогорулатуу жаатында кызматташа алабыз”, – деди.

Муну менен катар айымдарды иш менен камсыздоо жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн турмушун жакшыртуу багытында тыгыз иш алып баруу зарылчылыгына токтолгон эл өкүлү: “Араб өлкөлөрүнүн бир катар каржылык фонддору Кыргызстанда кайрымдуулук иштерин жигердүү жүргүзүп, социалдык багыттагы түрдүү долбоорлорго колдоо көрсөтүп келет. Андыктан, калыптанган байланышты кеңейтип, мындан ары да жигердүү кызматташууга кызыкдарбыз”, – деди.

Өз кезегинде Сауд Арабиядан келген ханыша Хинд бинт Абдаррахман Аль Сауд башкы мыйзам чыгаруу органынын имаратында депутат айым менен жолугушуп жатканына кубанычта экенин билдирип, Кыргызстанда жүргүзүп жаткан кайрымдуулук иштери тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле жолугушууда аялдардын потенциалын жогорулатуу жана лидер айымдарды колдоого алуу маселелери да талкууланып, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жаатында да сөз болду.