Басылманын маалыматына караганда, тыюу салынган товарлардын тизмесинде аскердик максатта колдонулушу мүмкүн болгон продукциялар бар.

"Биз согушка тиешеси бар жана чектөө киргизилген товарлардан башкасынын баарын экспорттойбуз. Бул 106 түрлүү товар, алардын экспортуна тыюу салынды", – деди Казакстандын соода жана интеграция министринин орун басары Кайрат Төребаев.

Тыюу салынган товарлардын катарына негизинен чет жактарда өндүрүлгөн электр чиптери жана электрондук жабдыктар кирди. Төребаев аларды алып келүүгө уруксат берилген, бирок экспорттоого болбойт деп кошумчалады.

Май айында орусиялык "Важные истории" басылмасы, Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) жана германиялык Der Spiegel басылмасы жүргүзгөн иликтөөдө Орусия санкцияларды буйтап, казакстандык компаниялар аркылуу Украинадагы согуш үчүн чиптер менен дрондорду сатып алып жатканы айтылган.

Казак бийлиги былтыр май айынан тартып аскердик максаттагы товарларды Орусияга сатууга тыюу салганын, эки максатта пайдаланылчу продукцияны экспорттоого уруксат алуу эрежесин киргизгенин айтып келет.

Ошол эле маалда казак Тышкы иштер министрлиги менчик компаниялар тыюу салынган товарлардын реэкспорту менен алектениши мүмкүн экенин, бийлик андайга жол бербөөгө аракеттенгенин билдирген.