Россиянын президенти Владимир Путин Россия Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин Кыргыз Республикасына расмий сапарынын алкагында кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө билдирди.
Кыргызстанга расмий сапары мурда кечигип болгонун, ал бул өлкөгө келгенине кубанычтуу экенин белгилеген орус президенти "Россия - Кыргызстандын экономикасындагы ири инвестор. Бүгүнкү күндө өлкөдө Россиянын катышуусу менен 800дөн ашык ишкана иштейт", - деди.
Айтымында, 2022-жылы Россия менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 37 пайызга көбөйүп, 3,5 млрд АКШ долларына жеткен. Ал эми бул жылдын биринчи жарымында дагы 17,9 пайызга өскөн.
Ошондой эле орус президенти Россия Кыргызстан менен энергетика, өнөр жай, айыл чарбасы, жогорку технологиялар жана башка тармактарда биргелешип иштөөгө бизнестин кызыкдар экенин белгиледи.