Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго Россия Федерациясынын мамлекеттик сыйлыгы - Ардак орденин тапшырды.

Сыйлык тапшыруу аземи өлкө башчыларынын Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы жолугушуусунун алкагында өттү.