Адахан Мадумаровдун камалышын иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы сунуштаган. Бирок бүгүн парламент жыйынында бул маселе каралып, депутаттардын көпчүлүк бөлүгүнөн колдоо тапкан жок. 

Спикер комиссиянын курамын бекитүү тууралуу токтом кабыл алууга добушка койду. Анда жетиштүү добуш топтолгон жок. 

Ошондой эле айрым фракциялар комиссия курамына мүчөлүккө депутат сунуштоодон баш тартышты. 

Адахан Мадумаров 2-сентябрда кармалган. Ал "мамлекеттик чыккынчылык" беренеси боюнча шектелип жатат.