Өзүм региондо жашасам да социалдык түйүндөр аркылуу Ленин районундагы мандат үчүн болгон күрөштү “алаканга салгандай” көрүп турдум. Ар бир талапкер ар кандай жол менен элдин добушун алууга аракет жасады.

Жамалбек Ырысалиев жөнөкөйлүк сапаты менен добуш алууга аракет кылса, тажрыйбалуу саясатчылар Токон Мамытов, Эркин Булекбаевдер өздөрүнүн тажрыйбасын башкалардан артыкчылыгы катары көрсөтүүгө жан үрөдү.

Алдын ала жыйынтык боюнча алдыга чыккан Кубанычбек Самаков “ата баркы” менен алдыга озуп чыккандай таасир калтырды. Жада калса анын мурда соттолгону да, шайлоочуларга анчалык таасирин тийгизе берген жок.

Дагы бир талапкер белгилүү журналист Лейла Саралаева бийликти сындап добуш алууга “бел байлады”. Бирок, мындан эч кандай майнап чыкпай болгону 211 добуш алды. Балким, Лейла айым 10 же 15-жыл илгери ушул "тактикасын" колдонуп депутаттыкка аттанса мандатка жетишмек...

Бирок, азыр элдин бийликке болгон көз карашы такыр башка. Жеке өзүм ар кандай адамдар менен баарлашып жүрөм. Көпчүлүктөн азыркы бийликке карата “Жакшы эле иштеп жатат. Аракет кылып жатат. Коррупция менен күрөшүп жатат” деген пикирлерди угам.

Бул элдин пикири. Чындыгында эле мурда мыйзам жалаң карапайым адамдарга гана иштеп бийлиги, байлыгы барлар үчүн “мыйзам” деген каалаган жакка жетелесе кете берген "буйдаланган төөдөй" эле нерсе болчу.

Азыр андай эмес. Мыйзамды бузсаң машаяк болсоң да камаласың. Президенттин кудасы, Башкы прокурордун кайниси, Президенттин агасынын баласы “камалат” деген түшүбүзгө да кирчү эмес. Азыр бул – кадимкидей көрүнүшкө айланды.

Демек, бийликтин мыйзамы эмес, мыйзамдын бийлиги орной баштады.

Албетте, айрым адамдар азыркы бийликке болгон нааразылыгын пикирин да угуп жүрөм.

Бирок алардын, нааразычылыгы көбүнчө, тигил же бул саясатчынын же адамдын камалышына байланыштуу.

Жыйынтыктап айтканда бийликтин иш аракетинин натыйжалары элге кашкайып көрүнүп турса, “бийликти сындап депутат болом” деген куру кыял экенинин Лейла Саралаев кесиптешибиз далилдеди.

Бакай Садыров, журналист