УКМК өлкөдө массалык нааразылык акцияларын жана ири толкундоолор, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдыктарды жүргүзгөн “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрүн ашкереледи.

Алар элди тартуу үчүн төмөнкүдөй мазмундагы кайрылууларды колдонгон:

- «Ансыз деле төңкөрүш керек».

- «Революция болсо токтойт баардык иш. 2 жылдан бери айтып келе жатам. Бул бийлик сөздү түшүнбөйт. Муштумду түшүнөт. Буларды уруп же жок кылып токтотосуздар. Революция болот по любому. Бараарда революцияга башынарды кылычка сайып барыныздар»;

- «Барыныздар кастет, дубинка, сухой паек алып алыныздар, дубинка алып ал. Милиция же кара кепкачанды көрсөң эле башка чап дароо ойлонбой»;

- «Дубинка, Коктейл молотов алып алгыла, керек болот. Баарын оптом өрттөп салгылачы күлүн асманга сапырып. Болду, артка жол жок, согушса согушабыз, акмактар, адырандаган сарт менен уйгур зектер».

А.Мадумаровдун тарапташтарынын аракеттери “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турган. “Бүтүн Кыргызстан” парламенттик фракциясынын катчылыгы А.Мадумаровдун жер-жерлерде тарапташтары менен мобилдик тиркемелерде, мессенджерлерде жана социалдык тармактарда “тайпаларды” түзүү аркылуу тыгыз байланышта болуп, массалык баш аламандыкка даярдык көрүлгөн.

Сүйлөгөндө тилинен чаң чыгып, эмнеге эле туулуп калганына да нааразы болуп керсейип калды десе, Адахан Мадумаров минтип бийликти оодарууну эңсеп жүргөн экен да, тообо!

Анын бузукулук иш аракеттери фактылар менен далилденип турса да бийлик эмнеге Мадумаровго чара көрбөйт? Же коркобу? Же качан Мадумаров келип, куулуп чыккан күндү күтүп жатышабы? Дагы бир тополоңду Кыргызстан көтөрө албайт! Бийлик эгер дагы чабалдык кыла берсе, анда анын сазайын эл өзү берет окшойт! Жарылайын деп араң турушат!