Жыйында Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, өлкөнүн стратегиялык объектилеринин тизмеси боюнча сунуштар каралат.

Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, президенттин Баткен жана Ош облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышууда.