- Коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы көп коррупционерди туңгуюкка кептеди окшойт, кандай ойлойсуз?

- Экинчи этабы жалпыбыз уккандай тийиштүү мыйзамдарга толуктоолор жана ага жараша санкциялар каралаарын Камчыбек Ташиев өз сөзүндө айтты. 

Андан аз өтпөй эле “Ата -Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Токторбаев мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарынын коррупцияга тиешеси болуп, сот жоопкерчилигине тартылса, алар кайрадан соттуулугун жок кылып, мамлекеттик кызматке келүүсүнө уруксат болбогон мыйзам долбоорун комитетте талкуу кылышты.

Ага жараша кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кызматтык жасалмачылык жана коррупция беренелерин толук кандуу иштетүүгө мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн багытталган бул аракеттер, башкача айтканда, эгер Кылмыш жаза кодексине сунушталган өзгөртүү- толуктоолор жактырылып, үч окуудан өтүп, күчүнө кирсе, анда мен ойлоймун экинчи этаптын башаты ушул болсо керек.

“Коррупционер” десе биз жалпыбыз бир кандайдыр бир башка чөлкөмдө жүргөн кишилерди элестетебиз, жок андай эмес. Алар биз менен бирге басып, бирге жүргөн жарандар. Жөнөкөй көз менен караганда байкалбай, жаныбызда чай ичип, той -топурга барып, жардап жүргөн адамдар. "Алар кимдер?" деген суроо болбой койбойт. Тагыраак кылып “ал Ашмат” “ал Ташмат” деп атай албаймын, бирок “алар келечегибизди уурдаган, келечеке балта чаап, бүгүнүбүзгө коркунуч туудурган акмактар" деп кесе айта аламын.

Жогоруда айткандай жаныбызда басып, алар коркконун бизге байкатпайт, бирок өз алдынча калганда кылган ишин өзү билип, корксо коркуп жаткандыр. Анткени бүгүн мамлекет толук кандуу “ууруну ууру”  деп айта турчу күндө жашап жатабыз.

Алар алдын ала “табакташтары” менен кылган кытмыр иштерин жабууга түрдүү айла- амалдарды да жасап жатат. Анын ичинде алардын эң изги тилеги бул - кайрадан төңкөрүлүш болуп кетсе, башаламандык жаралса, анархия күч алса... Дал ошондой учурларда булар өздөрүн суудагы балыктай сезишет. Мыйзам жоопкерчилигинен кутулуунун мындан башка жолун көрбөй турушат.