"Борбор Азия менен Европа Биримдигинин кызматташтыгы тынчтык, туруктуулук, өнүгүп-өсүү боюнча жалпы максаттарга жетүүдө олуттуу потенциалга ээ”, - деди президент Садыр Жапаров «Европа Биримдиги – Борбордук Азия» Экинчи саммитинде.

Былтыркы жолугушууда тараптар кайсы тармактарда кызматташууга басым жасай турганын белгилешсе, Чолпон-Ата шаарында өткөн иш-чарада кызматташыктын конкреттүү «жол картасы» түзүлдү.

Эске салсак, кечээ, 2-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусу болгон.