Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаров менен Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишелдин эки тараптуу жолугушуусу башталды.

Жолугушуу Европа кеңешинин башчысынын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өтүүдө.

Эске салсак, кечээ, 2-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа Кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусу болгон.