Президент Садыр Жапаровдун "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маеги.

— Аскар Акаевдин талкуусу бүтө электе журналист Кадыр Кошалиевдин мурдагы президент Курманбек Бакиевден интервью алганы ачыкталып, соцтармактарда түмөн ойлорду жаратты. Ушундай жол менен азыркы бийлик Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүүгө жол ачып жатабы?

 Ар бир журналист кимден кандай маек алат, ал анын кесиптик иши жана укугу. Бийликтин Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келели деген планы жок.

 Бакиевдер Кыргызстанга келе турган болсо камакка алынабы?

- Аскар Акаевден айырмаланып, Курманбек Бакиевге каршы козголгон кылмыш иши бар. Соттун чечими бар. 30 жылга соттолгон. Ал чечим бүгүн да күчүндө турат. Келсе, албетте, камакка алынат. Биз, баарыбыз мыйзамдарга баш ийип жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Соттун чечимдерин жокко чыгарууга менин да акым жок. Мен болгону, эгер Курманбек Бакиев ырайым сурап кайрылса, ырайым бергенге, же баш тартканга укугум бар. Беремби же бербейминби, аны да 2010-жылы жабыркаган элдин пикирин эске алып туруп, чечим кабыл алышым керек.

— Негизи Жаныш Бакиев, Максим Бакиев жана башка Бакиевдер Кыргызстанга келсе эмне болот? Булар да камалышабы? Бул маселеде сиздин позицияңыз кандай?

 Курманбек Бакиев, Жаныш, Акмат, Максим, улуу баласы Марат Бакиевдерге иш козголгон. Издөөдө жүрүшөт. Келсе мен жогоруда айткандай, албетте, камалышат.

Ал эми Башкы прокуратуранын мага берген маалыматтары боюнча Адыл Бакиев, бир тууган иниси Марат Бакиев, Каныбек Бакиевдерге иш козголбоптур. Издөөдө жок экен.

— Кокус Бакиевдер болбой эле Кыргызстанга келебиз, сот аркылуу акталабыз деп калса, бул элдин бөлүнүп-жарылуусуна алып келбейби?

— Отуз жылдан бери бөлүнүп-жарылып жүрүп, мамлекетти чачыратып жибере жаздадык го. Соттун чечимине жана мыйзамдарга баш ийебиз. Жаныш, Максимдерди соттор актап жиберээрине көзүм жетпейт. Анткени алар өмүр бою эркинен ажыратылышкан.