Президент Садыр Жапаровдун "Кабар" улуттук маалымат агенттигине берген маеги. 

— Урматтуу Садыр Нургожоевич, акыркы убакта социалдык тармактарда кызуу талкуу жараткан маселелер боюнча Сиздин пикирди билели дедик эле. Алгач, мурдагы президент Аскар Акаевдин айланасындагы окуяларга токтолсок. Ал киши Кыргызстанга келди дегенде эле ар түрдүү пикирлер айтыла баштады. Негизи Аскар Акаев жана анын үй-бүлөсү өлкөбүзгө ээн-эркин кирип-чыга береби? Аларга тийиштүү органдардын суроо-соболдору калган жокпу?

— Аскар Акаевге бир дагы кылмыш иши козголгон эмес экен. Албетте, кылмыш иши козголбогондон кийин издөөдө болгон эмес. Ошондуктан “Кумтөрдү” “Центеррадан” талашып жатканда көрсөтмө берип кетиңиз деп атайын чакырганбыз. Камалбасына кепилдик бергенбиз. Кепилдик бербесек дагы камаганга эч кандай юридикалык негиздер жок эле. Келди, сурак берип кетти. Ал кишинин суракта берген көрсөтмөлөрү “Кумтөрдү” Кыргызстанга алганга абдан пайдасы тийди. Анткени ошол мезгилде мамлекет башында турган болчу. Ошол мезгилде кетирген каталарын дагы ушул жерден оңдоп кетти десем болот. Азыр дагы кеч эмес. “Кумтөр” мындан ары дагы 30-40 жыл Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштейт. “Кумтөрдүн” алтыны дароо элдин пайдасына иштей баштады. Эмгек акы, пенсия-жөлөкпулдарды дароо эселеп көтөргөнгө жардам болду.

— Көпчүлүк эл өлкөбүздүн бүгүнкүдөй абалга кептелишине дал ушул Аскар Акаев күнөөлүү, анткени ал туура башкарганда мындай болмок эмес дегендей пикирлерди карманып келет. Негизи эле Аскар Акаев юридикалык болбосо да, моралдык жоопкерчиликти сезиши керек беле? Мисалы, окуу жайлардын биринде лекция окуй турганы айтылып, ага студенттер каршы чыгышты.

— Туура. Жарандарыбыздын арасында ошондой сөз кылгандар бар. Эми ал убакта кандай кыйынчылыктар болду, кандай тоскоолдуктар болду, азыр алардын баарына баа берип сындаш кыйын. Анткени ошол мезгилде Союз чачырап, 15 өлкө өз арабаларын өздөрү тартып калган учур болчу. СССР бардык мамлекеттерди бири-бирине байлап койгон экен. Бир эле техника өндүрүүдө керектүү заводдорду ар башка мамлекеттерге куруп коюшкан. Мисалы, бир тетиги бизден чыкса, экинчи тетиги Россиядан чыгат, үчүнчү тетиги Украинадан чыгат. Анан баарын төртүнчү мамлекет жыйнап, чогултуп чыгарат. Ушул сыяктуу чырмалышкан маселелер көп болгон. Союз чачыраганда ошол байланыштар координацияланбай калды да. Бизде эле эмес, көпчүлүк өлкөлөрдө завод-фабрикалар жоюлуп кетти.

Ал эми “Кумтөр” сыяктуу маселеде оң жолду таап, айыл-чарба, мал-чарбачылыктарын чачыратпай сактап калса болмок. Бул өзүбүздөн көз каранды эле. “Иштебеген киши жаңылбайт” дейт. Иштеген киши сөзсүз кемчилик кетирбей койбойт. Жакшы жактарын дагы айтып коюшубуз керек. Биринчилерден болуп улуттук валютабызды жүгүртүүгө киргизген. Бул жерден абдан көрөгөчтүк кылган. Азыркыга чейин биздин валютабыз чөлкөмдөгү күчтүү валюта болуп, кунун жоготпой келе жатат. Бул ошол убактагы абдан чоң жетишкендик болгон.