"Мен өзүмдү пиарлабайм. Мен иштеп жатам жана жасап жатам - бул анык. Пиардын мага кереги жок. Мен артист эмесмин, шайлоого барууну пландаган жокмун. Эгер бул кызматтын жыйынтыгын алсам, анда жашоомдогу чоң милдеттеримдин бирин аткардым деп эсептейм", - деп айтты УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына берген маегинде.

Жакында Камчыбек Ташиевдин соцтармакка жарыяланган билдирүүсү коомчулукта резонанс жаратты. Айрыкча "убактым аз калды" деген сөзү талкууга кабылды. УКМК төрагасы бул сөздү аталган кызматты жетектеген учуруна байланыштырганы менен айрымдар аны тескерисинен кабыл алышты. Өзүн пиар кылып жаткандай чечмелешти. 

Пиар саясатчыга кандай учурда керек? Шайлоого барууга даярдык көрүүдө өз рейтингин көтөрүү үчүн. Ташиев мында шайлоого барууга ниети жоктугун ачык айтты. Ошондой эле, ага рейтингин көтөрүү зарылчылдыгы жок. УКМКнын аткарып жаткан иштери күн алыс элге чыгууда. Канча коррупционерлерди, мамлекетке зыян келтиргендерди камап жатканына, өлкөгө мыйзам тартибин орнотуп койгонуна күбөбүз. Пиарсыз эле жасалган иши аркылуу Ташиевдин орду жогору. Ал мамлекеттин келечеги үчүн иштеп жатат. Өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоол болгон "тикенектерди" терип таштоону жашоосунун башкы милдетине айлантты. Аны толугу менен аткараарына ишеним чоң.