- Турат агай, президенттин Кытайдын Сиань шаарына болгон иш сапары жемиштүү эле болдубу?

- Президенттин Кытайга барган иш сапары жемиштүү болду. Бир топ маанилүү делген документтерге кол коюлду. Көп жылдан бери айтылып, бирок сөз бойдон калып келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолду куруу маселеси бышыкталды. Тагыраагы, президенттин бул иш сапарында үч мамлекет тең темир жолду куруу зарылдыгын айтып, аракетин башташты. Бул темир жол канча жылда курулуп бүтсө да, транзиттик өлкөгө айланабыз. Менин кыялымда темир жол эле эмес, мүмкүнчүлүк болсо,  Кытай-Кыргызстан-Казакстан авто жолун дагы курушса  жакшы болот эле. Ошондой эле курулуп жаткан авто жолдордун сапатына маани беришибиз керек. Анткени башка мамлекеттерде курулган жол 30 жыл чыдаса, бизде салынды делген жол үч жылдан киийн эле оңдөө-түзөөгө муктаж болуп калат. Ошон үчүн президент да, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев дагы жолдордун сапатына көңүл бурушу керек.