Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 24-майда, II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына (Россия Федерациясы) келди.

Мамлекет башчысынын учагы Москва шаарындагы “Внуково 2” эл аралык аэропортуна конду.

Аэропортто ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин желектери илинип турат.

Президент Садыр Жапаровду Россия Федерациясынын Тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Эске салсак, бүгүн иш сапарынын алкагында Мамлекет башчысы Евразиялык экономикалык биримдиктин башка мүчө-мамлекеттеринин башчылары менен бирге “Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция” Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле эртеси, 25-майда Евразия экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгын бекемдөөгө, ошондой эле Биримдиктин ишмердүүлүгүн жөнгө салууга багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландаштырылууда.