Бүгүн, 19-майда мамлекет башчыларынын "Борбор Азия – Кытай" саммитинин жыйынтыгы боюнча Сиань декларациясы кабыл алынды.

КР президентинин аппаратынан билдиришкендей, документке Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол коюшту.

Саммиттин жүрүшүндө ошондой эле төмөнкү документтерге кол коюлду:

- "Борбор Азия – Кытай" өнөр жай жана инвестициялык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- "Борбор Азия – Кытай" форматындагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- Борбордук Азия мамлекеттери менен Кытайдын ортосунда санариптик соода тармагында кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- "Борбордук Азия – Кытай" форматында инфраструктура жана инженердик курулуш тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- "Борбор Азия – Кытай" айыл чарба министрлеринин жолугушуусунун механизмин түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;
- "Борбор Азия - Кытай" форматындагы бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешмесинин механизминин иши жөнүндө жобо;
- "Борбордук Азия - Кытай" форматындагы компетенттүү органдардын ортосунда жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн карантинин импорттоо жана экспорттоо жаатындагы техникалык кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
- "Борбордук Азия – Кытай" Ишкер Кеңешин түзүү боюнча кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Кол коюу аземинен кийин Си Цзиньпин маалымат каражаттарына билдирүү жасады.