- Президент  Ленин районунан Жогорку Кеңешке депутат болот элем деп ат салышып жаткан талапкерлер менен жолукту. Эми шайлоо таза өтөт деп үмүт артсак болобу?

- Бүгүнкү күндө Жогорку Кеңешке  Бишкектин Ленин  районунан  кимдер гана депутат болот элем деп шайлоого аттанган жок. Арасында убактылуу өкмөтчүлөр  да, динчилдер да, халифат курам дегени да, генералы деги койчу кимдер гана  жок. Ал эми президенттин талапкерлер менен жолугушуусун коомчулук оң баалоодо. Эң негизгиси бийлик тарап кайсы бир талапкерди сүрөп, колдобошу көрүндү. Шайлоого бараткан бардык талапкерге  калыс бирдей шарт түзүлүп берээри айкын болду. Президент Садыр Жапаров үчүн Ленин районундагы шайлоонун таза калыс өткөнү  маанилүүдөй.

- Соцтармакка "митинг кылам деп элди уюштургандарды жоопкерчиликке тартыш керек" деген ойду жазыпсыз. Эмнеге андай ойлойсуз?

- "Жаман айтпай жакшы жок" дейт кыргыз. Кокус мындан кийин митингде тартипсиздик орун алса, элди пикетке, митинге чыгууга  үндөп, публикация кылгандарын баш кылып, митинге финансы берген далдалчыларын төш кылып,  жоопкерчиликке тартышы керек. Антпесе болбойт. Тартип керек.