Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз? Жакында айрым фракция жана депутаттар тарабынан МинКабдын курамын толугу менен отставкага кетирүү сунушу жолдонду. Бул сунуш жүйөлүүбү? 

- Азыр биз өзүбүздү өзүбүз мактасак туура эмес болуп калат.  Мамлекетте эмес, кичинекей ишканада, айылда же үй-бүлөдө деле бир заматта эч нерсе оңолбойт.  Жыйынтык бир канча жылдан кийин гана билинет. Бирок экономика жагынан караганда, бул 100% факт, Дүйнөлүк Банк жана башка эл аралык финансылык уюмдар да тастыктап атат, мындай осуш болгон эмес Кыргызстандын тарыхында.  Президентибиз Садыр Жапаровдун жетекчилигинде, ар бир тармакта, ар бир облуста, мыкты жетишкендиктер болуп жатканына элибиздин баары күбө.  

Мага тапшырылган соцсекторду алып көрсөк, билим берүүдөгү, маданият, медицина менен социалдык кызматкерлерибиздин айлыктары бир заматта мынча жогорулатылган эмес.  Балдардын көмөк пулдары, башка пособиялар дагы көбөйтүлүүдө. Жетекчилерибиз койгон пландар амбициялуу. Кыргыз мурункудай сүттөлгөн чай ичкенине гана сүйүнбөй, башка элдерден кем эмес бакубат жашоого, сүйүктүү Ала - Тоо мекенибизди гүлдөткөнгө жол ачылды.  Албетте, кемчиликтер жок эмес.  

Азыр президент болууну көксөп, бирок боло албай калгандарда уйку жок. Анткени учурдагы пландардын ишке ийгиликтүү ашырылып жатканы, стабилдүүлүк, экономиканын өсүүсү, элдин жашоосу кыйла оңолгону - алардын эртеңки күнү да бийликтен куру калгандыгын билдирет.  Ошондуктан, ар кандай оппозициянын көралбастыгын туура эле кабыл алыш керек. "Ит күлүгүн сүйбөйт" деп эчактан эле айтылган да.  Бирок КабМиндеги кемчиликтерибизди мамлекет жетекчилиги күнүгө айтып турат. Элдин атынан биринчи кезекте эл добушун алган президентибиз Садыр Жапаров жана анын командасы жеткизе айтып турат. Көзөмөл жана талап катуу. Бийлик азыр элдин кызыкчылыгын гана бекем кармоодо.