- Меңди эже, эмнегедир бийлик башында тургандарга каршы кара пиар жүрүп жатат. Айрыкча, ажобуз Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин ынтымагын бузууга багытталган ар кандай ушактар көбөйдү. Мунун артында кимдер турушу мүмкүн, атайын жалган маалымат таратуу менен эмне максатты көздөп жатышат?

- Менин баамымда, Камчыбек  Ташиев менен  Садыр Жапаровдун достугун, мындайча айтканда экөөнүн тандемин жактырбагандар, башынан эле бузганга аракет кылып келгенин коомчулук мен сыяктуу эле жакшы билет. Анткени экөө бириккенде зор күч болорун ошондо эле  түшүнүшкөн. Чынында эле ошондой эмеспи! Мамлекетти башкарууда бири бирине, жалпак тил менен айтканда жөлөк - таяк болуп, бир бирин толуктап турат. Так ушул бириккен күчтү алсыратуу, бири бирине кайраштыруу, экөөнү каршы коюу үчүн түрдүү амалдарды жасап жатышат. Аларды эң алды  мамлекеттин, элдин чыккынчылары десек болот. Ошолор булар бийликке келгенде эле  карөзгөй аракеттерди  башташкан. Эми президент менен УКМКнын башчысы авантюристтердин торуна түшпөгөнгө аракет кылуулары керек. 

Эч кимдин оюна келбеген арам кадамдарды жасап, түркүн ушактарды, жомокторду ойлоп таап атышат. Бирок азырынча алардын ортосундагы ажырымды байкай элекмин. Жакшылык каалабагандардын көксөөсү эптеп аларды бири бирине душман кылуу экенин түшүнүп, акыл- эс менен иш тутарларына ишеним арталы.