Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген кезектеги маегинде "Аю" компаниясына байланышкан маселени ачыктады. Эске салсак, айрымдар компанияга мамлекет тарабынан кысым болуп, ири салык төлөгөн ишкана жоголуу коркунучуна кептелип калганын айтышууда. 

Ошондой эле президент коррупцияга айыпталып кармалгандар мамлекетке келтирген зыяндын ордун толтургандан соң үй камагына чыгып жатканын тескери чечмелеген пикирлерге да жооп кайтарды. 

"Кимде ким казынадан уурдап кармалган болсо, аларды эки-үч эселеп кайтартып, анан үй камагына чыгарып коюп жаткан учурлар бар. Аларды мен деле байкап турам. Бирок кийлигишкеним жок. Бирок үй камагына чыкса эле акталып кетет дегендик эмес да. Сөзсүз сот иштери уланат. Соттун чечими менен аяктайт. Шартуу түрдө кесилеби же айып пул төлөп чыгабы, аны сот чечет.

Учурда соцтармакта айрым блогерлер белгилүү “Аю” компаниясы жогоруда биз сөз кылган “кустуруу” кампаниясынын курмандыгы болду дешүүдө. Башкача айтканда, аталган компанияны ар кандай шылтоо менен ири суммада акча “кустурушкан” жана анын кесепетинде “Аю” мурдагыдай күпүлдөп иштебей калышына бийликти айыпташууда.

“Аю” компаниясын 2,5 жылдан бери эркелеттик. "Мурдагы заман бүттү. Эми таза иште. Салыкты жашырба, акцизди жасалма кылба. Спиртти контрабанда кылба, бийликтин чөнтөгүнө анча-мынча берип коюп баягыдай эле иштей берем дегениңди унут, бизге акча керек эмес, биз бюджетти толтурушубуз керек" деп суранып келдик. Укпады. Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат", - деди Садыр Жапаров.