- Бүгүн өлкөбүздүн соңку тарыхындагы орчундуу окуялардын бири болгон  Март революциясына 18 жыл толду.  Революциялар Кыргызстанга эмне берди? Анын пайдасы көп болдубу же зыяныбы?

- Революциянын пайдасынан зыяны көп болду. Бийликтин алмашканы бир ууч топтун бийликке келишин гана шарттады. Өлкөдө өнүгүү болгон жок. 24-марттагы төңкөрүштүн аркасынан 2 төңкөрүш келди. Жүздөгөн адамдар өмүрү менен кош айтышты. Жыйынтыгында, дагы эле итке минген кедей абалдабыз. Март революциясы деп айтуу азыр эрте. 100 жыл өтсө да, Кыргызстандагы төңкөрүштөр боюнча укуктук талаада баа берилет. Ар бир төңкөрүш өлкөнү 30 жылга артка тарта турган болсо, биз эң азы 70 жыл аркага кеттик.