- Акылбек Жапаров кызматтан кетет деген имиштер күч алды. Сиз кандай ойлойсуз, ал баштаган ишин аягына чыгарышы керекпи же кеткени оңбу?

- Бул жерде Акылбек Жапаровдун ордун бирөөлөр тартып алгысы келет. Ордуна баргысы келет. Ууру, коррупционерлер өзү ишти билбей туруп, "ошол жакка мен барсам, мен иштесем, атак-даңкка жетсем" дешет. Буга чейин Кырыгызстанда 31 премьер-министр алмашты. Бирок ошончо премьер-министрдин алмашуусу эч кандай натыйжа берген жок. Бирөөсү да көрүнүктүү иш кыла албады. Мен мисалы, Акылбек Жапаровдун эмгегин баалайм. 500 миллиард сомду чогултат деген оңой эмес да. Пенсия, пособие, айлык маяналар көбөйдү. Мектептер, үйлөр салынып  жатат. Мына, ошонун баарын көрө албастар жокко чыгаргысы келип,  ар кандай сөздөрдү таратып, каралоого аракет кылышууда. Чынын айтсам, менин пенсиям кыйла көбөйдү. Дарыма жетет экен деп кубанып отурам.

Азыр Садыр Жапаровдун командасы күч алып, арышын кенен жайып келе жатат. Буюрса, өнүгүү болгонун бул жылы да байкайбыз. Бюджет 600 миллиард сомго жетсе, өлкөнүн өнүгүшү жолго салынат.  Ошон үчүн аны ордунан козгобой иштетип, күчүн алышыбыз керек. Эгер ар кимдин тилине кирип,  жакшы иштеп жаткан кишини кызматтан алса, анда жогору жактагылардын өздөрүнө  кыйынчылык жаралат. Мисалы, Сооронбай Жээнбековдун ат чапкан чабармандары жок, акыл кошкон кишилери жок болгон үчүн кызматтан кетүүгө аргасыз болду. Ошон үчүн президент Акылбек Жапаровду кызматтан алардан мурун, ал тарткан жүктү башкалар тарата алабы, башкалар ошондой иштей алабы деп  ойлонушу керек.