"Эми бул маселеде Акылбек Жапаровдун анчалык деле мамлекеттик мааниси жок. Ал инибиздин ким экенин эл жакшы билет. Акылбек Үсөнбекович жогорку жактын тапшырмасын таамай аткарып турган эле автоматташтырылган машина. Кептин баары – Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы мамиледе. Кудайга шүгүр, кыргыздын бул эки азаматы азыркыга чейин бир муштумдай болуп биримдикте иштеп келе жатышат. Бирок алардын бекем ынтымагын жактырбаган бузукулар бизде жетиштүү. 

Чындыгында, өлкөбүздө салттуу саясий оппозиция деле калган жок. Алардын алды алыс жакта жүрүшөт, арты болсо түрмөдө олтурушат. Чыпчылкый жана өтө опурталдуу оппозиция азыркы бийликтин арасында жүрөт, алардын катарына кошулуп, кошомат айтып колтугуна кирип алган. "Сокурдун тилегени эки көз" дегендей булардын максаты – кандай гана болбосун бийликке жетиш. Бийликти алгандан кийин, байлык өзүнөн өзү куюлуп келерин алар жакшы билишет. Демек, бийликке жетиш үчүн алар эмне кылышы керек? Ал үчүн Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосуна от жагыш керек, аларды ажыратыш зарыл. Кокусунан, ошондой шылуундардын тилине кирип көрүнүктүү эки жигитибиз чабыша кетсе, анда ички жана тышкы душмандардын көктөн тилегени жерден табылат, эл бөлүнөт жана жарылат. Натыйжада бийликти бузукулар алып, өлкө жок болуп кетиши мүмкүн.

Мына ушундай "алааматты" Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев так билиши керек. Кандай гана көйгөй жана карама-каршылык болбосун, аларды ачууга алдырбай, баарлашуу жолу менен гана чечүү зарыл. Ошондо гана сасык саясатчылардын арам тилеги ташка кабылат. Айтайын дегеним, азыркы бийлик өтө эле ишенчээк болбой, дайыма сак жана сергек болушу максатка ылайык. "Ак көңүлдүн аты арыбайт, аты арыса да өзү жарыбайт" деген кыргыздын акылман сөзүн эч убакта унутпоо зарыл. Жооптуу кызматкерлерди кезек-кезеги менен "которуштуруп айдап туруу" – бул дагы тазалоонун бир айкын жолу", - деп билдирди академик Жамин Акималиев.

Эске салсак, соцтармактарда Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев тандемин алсыратууга жана Акылбек Жапаровду кызматтан кетирүүгө кара пиар жүрүп жатат.