Акыркы учурда президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тандемин бузууга аракеттер жасалып баштады. Соцтармактарда Акылбек Жапаровду кызматтан кетирүүгө тапшырма алгандай багыттагы маалыматтар чыгууда. Жарандык активист Калдарбек Койлубайтегин аны "бийлик талаштын белгиси" деп эсептейт. 

- Хан тактысы алмустактан талашка түшүп келген, түшөт жана түшө да берет. Бийликтин табияты ушундай. Анын чынында бир канча жүзү бардыгын баары сопсонун билишет. Ошон үчүн да чыдабагандардын бири аны “ыплас” деп атап ийип, ошентип аталып калды. Анан келип эле кыргыздын хан тактысы  обочороок жердеги бир мокочо нерсе эмес да, ал деле ошол талаштын чордонундагы ыйык жер.

Биздин эле тарыхта хан тактыда отуруп эле Масалиев Акаевге бошотуп берүүгө аргасыз болгону, кийин Акаев качканда  Бакиевди алып келип отургузуп коюшканы... 2010-жылкы ыйкы-тыйкы кандуу окуялар... АШАнын тактылык доорун баштаганы, соңунан күтүүсүз эле Жээнбековдун падыша болуп калганы, андан кийинки С.Жапаровдун атаандаштарына караандатпай тактыга отурушу... келип эле мына ушул ойдун туптууралыгын тастыктап турат.

Ооба, тактыга келип отуруу өзүнчө бир жараян, бирок аны сактап калуу андан бетер оор жумуш. Ыйкы-тыйкылык, саясий ушактар, интригаларды эч ким жокко чыгара элек. Демек, бүгүнкү  тукуруу, ар кандай терс пикирлерди таратуу да кудум ушунун айланасындагы саясий шоулар... Чынында, сырттан караганда С.Жапаров менен К.Ташиевдин ортосуна жик салуу менен (эгерде ишке ашса) бир катар алыстыктарды жакындатып алууга болот. Экинчиден, сырттан каржыланган саясий күчпүз дегендер бир азга арыктай түшүшсө да, али дымактуу. Капчыктары толтура. Анын үстүнө дүйнөдө аркандай башаламандыктар үстөккө-босток жүрүп, дүйнө тартибин өзгөртүүгө аракеттер жүрүп жатат.

Өзгөчө Орусиянын Украинадагы жана баскан ахыбалы анын абройуна канча зыян келтирсе да, алар адатынча пропаганданын күчү менен баарын жайгаштырып, “мы псковские, мы прорвемся” дегендей, бир туруп Казакстанга “шишиңи” көрсөтөм" десе, бирде Молдовага мушун түйөт. Демек, анын кубаты али тайган эмес деген ойго чөмүлүшкөн. Биздеги "саясатмендер" да Кремлдин колдоосун алышып, тымызын “пайлап “жатышат. Батышчыл бийлик жиндилери мындай шартта орусчул кошоматчыларга ооп, пикирлери келишпесе да,  “чылбырды керектүү кезде талашарбыз” дешип баштарын бирге тоголотушуп жаткан кези.

Ак жана кара пиар дегенди да эч ким жокко чыгара элек. Ошол себептүү колдо болгон мүмкүнчүлүктөрүнүн жүрөк-мээсине чейин силкишип, колдон келген-келбеген нерселерди жүзөгө ашыруу үчүн  чилденин өзүн алдашып, тынч жатышпай, көк түтүнүн чыгарып жатышпайбы.

Ооба, эгерде эки дос бири-бирине далы салып калса... саясий жагдай тетирисине кетип,  кимди ким көргүчөктү "Быржыбайды там басып" калышы мүмкүн. Мына ошондо, Министрлер Кабинетинин башында турган А.Жапаров үчүн  зор мүмкүнчүлүк ачылат. 

Ошон үчүн ички жана тышкы саясатта туруктуу бир саясат жүргүзүшүп, башкысы элдин үнүн угууга жан дилинен берилип, жанын үрөп келишет. Алардын бүгүнкү рейтингги болуп көрбөгөндөй деңгээлде экенин айдан ачык. Албетте, ким бирөөнө утуру эле байма –бай тантык, дөөпөраз, кошоматчы жана башка деп кемсинте берсең  узун элдин учуна угузуп, баары өзгөрүп кетиши мүмкүн. Бийликке умтулгандар кудум ушундай кара пиарга ык жасашкан. Ошон үчүн утуру ар кандай апендичилик көз жарып, улам эле  “сложный” шыбак менен шыбалып... итибай болуудан жадашпады. Анткени, эми сарай төңкөрүшүн жасоо оорго тургандыктан, легитимдүү жолдор менен көтөрө чабууга ык алышты.

Бирок бүгүн мындай кадамдарга “силер кандай гана отурбагыла, вазирдин  ляжкарына  да жарабайсыңар” деп гана айтса болчудай. Анткени, мезгил өңү силердин өңүңөрдөй эмес... Карап, байкап көрбөйсүңөрбү...