Маалым болгондой, 8-10-декабрда Бишкекте Евразия экомикалык кеңешинин жыйыны өтүп, ага бир катар өлкө башчылары келет.

Мына ушул ЕАЭБдин жыйыны өтүп жаткан учурда Кыргызстанга Өзбекстандын президенти Шавхат Мирзиёевдин келери күтүлүүдө. Ал жыйынга байкоочу катары катышып, иш сапарынын алкагында Кыргызстандын президенти С. Жапаров менен жолугушуп, бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү, документтерге колдор коюлары күтүлүүдө. 

Кол коюлчу документтердин негизгиси болуп Кемпир-Абад, чек аралар боюнча Макулдашуу болуп эсептелет. Эки өлкө лидерлери расмий түрдө Макулдашуулар менен алмашышып, эки өлкөнүн ортосундагы документтин кабыл алынуусуна чекит коюлуп, андагы белгиленген маселелерди ишке ашырууга, аткарууга жол ачылат. 

Макулдашуунун Бишкекте алмашыла турганы бир жагынан символикалуу болсо, экинчиден жакшы жышаан. Албетте, жолугушуунун жүрүшүндө Макулдашуу менен чектелишпестиги түшүнүктүү. Эки өлкөнүн ортосундагы чек аралардан сырткары, экономикалык, соода-сатыктык ж.б. маселелерди талкуулап, элдин кызыкчылыгында чечүү, эки мамлекеттин мамилесин, байланышын жогорку деңгээлге чыгаруу, жарандардын кирип чыгууларын жеңилдетүү, ГЭС, темир жолдорду биргеликте куруу сыяктуу бир катар маселелер боюнча конкреттүү сүйлөшүүлөр, чечимдер болору талашсыз.