Азыр Кыргызстанга Россиядан качып келип, каттоого тургандардын саны 200 миңге жакындады, мүмкүн ашып да кетти. Анткени, күнүнө жаңылары кошулуп, сандар өзгөрүүдө. Ал эми каттоого турбагандарды кошкондо канча? Адатта Кыргызстанда эң кеминде бир нече ай жашоону чечкендер гана каттоого турушат. Эгерде Россиядагы мобилизациянын биринчи толкуну аяктагыча бизде күтүп туруп, анан башка өлкөлөргө чыгып кетүүнү же ата мекенине кайрылып барууну көздөгөндөр катталышпайт. Аларды эсепке алганда Россиядан келгендер жарым миллионго жетиши да мүмкүн. Араларында Россиянын жарандыгын алган кыргыздар, Союз таркаганда бул жактан кеткендер да бар. Алар үчүн Кыргызстан - тарыхый ата мекен болуп саналат.
Качкындар бизди эле каптап кеткен жок. Кавказга, Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга да кетишүүдө. Финляндияга да чоң агым башталды эле, фин өкмөтү 30-сентябрдан россиялыктарды өз аймагына киргизүүнү токтотту. Аларга баргандар жарым миллионго жакындап калган экен, Грузия да чектөө киргизгени жатат. Анткени, сырттан келгендер өз калкынан көп болуп кетсе, ал өлкөнүн коопсуздугуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Кыргызстанга келгендер андай тынчсыздандырарлык чекке жетпейт деп ойлойбуз, бирок ким билет, Россия Украинанын 4 облусун өз аймагына кошуу менен кызыл чектен өттү, сүйлөшүүнүн базасы жок болду, Украина үчүн аягына аягына чейин согушкандан башка жол калбады. Эгерде ал тоталдык согушка айланып, В.Путин опузалагандай, тактикалык өзөктүк курал колдонулса, тилекке каршы, качкындар азыркыдан эселеп көбөйүшү да ыктымал. Бирок, ага жетпейт деп ишенип туралы. Кудай анын бетин ары кылсын.
Азыр биздин тургундарыбыз качкындарга түшүнүү, белгилүү деңгээлде боор ооруу менен мамиле кылып жатышат. Ал туура, биздин баардыгыбыздын мамилебиз ошондой гана болушу керек. Анткени, алар жыргагандан келишпеди, өз жандарын сактап калуу үчүн келишти. Ал эми адам үчүн өзүнүн, жакындарынын өмүрүнөн кымбат нерсе жок. Эгерде Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлап, тартип бузушпаса, алардын келгени экономикалык жактан пайдалуу. Турфирмалар жаздан кышка чейин туристтерди келтире албай кыйналышса, алар учактар, поезддер, машинелер менен өздөрү келип жатышат. Орто эсеп менен ар келген адам кеткиче 1 миң долларын калтырса, ал Кыргызстандын экономикасына 250-300 миллион долларлык инвестиция болот. Мындан көп болушу да мүмкүн.
Качкындардын акчалуулары түз эле Түркияга, Түштүк-Чыгыш Азияга, Финляндия аркылуу Европага кетишти. Кавказга, Борбордук Азияга келгендерден бизди транзиттик пункт катары гана пайдаланып, анан башка өлкөлөргө чыгып кетүүнү ойлогондор да болушу мүмкүн. АКШ Россиядан согушка катышуудан баш тарткандарды кабыл ала турганын билдирди. Качкындардын бир бөлүгү АКШнын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу ал жакка кеткенге аракеттениши да ыктымал. АКШ койнун ачып жатса, андан пайдалануудан ким баш тартсын.
Качкындар өз каражаттары менен келишет, көпчүлүгүнө Россияда калган ата-энелери акча жиберип турушат. Бирок, “эл дарбыса...” болуп ал жагын ойлонбой, же акчасын ар нерселерге жок кылып алып, анан жанына күч келгенде кылмыштарга аралашып кеткендер да чыгышы мүмкүн. Россиянын элчилиги жергиликтүү диаспоранын жетекчилиги менен андайларды эсепке алса, колдоо уюштурса жакшы болмок. Тилекке каршы, бийлиги качкындарды чыккынчыларга теңегенден кийин андай кылышы кыйын. Бирок, биз айткандай себептерден улам чыр-чатак чыкса, аларды алыскы, жакынкы “досторубуз” дароо улуттар аралык маселелерге айландырып, Кыргызстанга көө шыбаганга аракеттенишпей койбойт. Бул жагынан тийиштүү кызматтар гана эмес, эл да этият болушу керек.
Биз азыр качкындарга кандай мамиле жасасак, алар эртең Россиядагы мигранттарыбызга да ошондой мамиле жасашат. Өткөн кылымдын 40-жылдарында Кыргызстанга депортацияланган чечендер башка республикалардагыдай азаймак түгүл, көбөйүп кеткени үчүн алар бизге азырга чейин ыраазылыгын айтышат. Жакында Ингушиянын президенти да аны кайталады, ал кыйыр түрдө азыркы качкындарга да гумандуу мамиле жасоого чакырды. Демек, качкындардын мекенибизге массалык келгени - баарыбыз үчүн чоң сыноо, жоопкерчилик да экендигин эсибизден чыгарбообуз керек.
Мирлан Дүйшөнбаев