Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаев кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу тууралуу пикирин "Саясат.kg" маалымат порталына билдирди. Ал Тажикстандын кол салуусу капысынан эмес, алдын ала пландалган жана тыкыр даярдалган деп эсептейт.  

- Урматтуу мекендештер! 

Ата-Мекендин алдындагы ыйык милдетин аткарып жатып курман болгон Баткен баатырларына аза күтүү күнүндө, Сиздер менен мен дагы алардын жаркын элесине таазим этем жана үй-бүлөлөрүнө, жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам! Өздөрү коргогон туулган жеринин топурагы жайлуу болсун, ал эми эрдиктери түбөлүк кыргыз эсинде жашайт!

Мен, Сиздер сыяктуу эле, Тажикстандын аскеринин агрессиясына туруштук берип, татыктуу жооп кайтарып, Мекенинин бир карыщ жерин бербеген, багынбаган биздин баатыр – чек арачыларыбыздын эрдигине, кайратына жана чеберчилигине суктандым. Баатырларга - Кыргызстандын чек арачыларына рахмат!

Тажик тараптын бул куралдуу кол салуусу капысынан болбогону маалым болуп турат. Ал - алдын ала пландалып, дыкат даярдалган агрессия актысы. 

Биринчиден, ал тажик тараптын мурдагы куралдуу кол салууларындай эле чек ара маселелерин күч менен чечүүнү легимтимдештирүү үчүн  ШКУнун Самарканддагы саммити учурунда башталды.

Экинчиден, оор курал-жарактар ​​- танктар, учактар ​​жана көптөгөн ракеталык системалар менен жабдылган аскер  күчтөрүнүн бузуку чабуулу Тажикстандын президентинин башкы командачысы Эмомали Рахмондун кабарысыз ишке ашмак эмес.

Үчүнчүдөн, Кыргызстандын аймагына куралдуу кол салууда  жарандык инфраструктураны – мектептерди, фельдшердик-акушердик пункттарды, бала бакчаларды, турак-жайларды жана үй чарбаларын, көпүрөлөрдү жана ирригациялык системаларды жапайычылык менен талкалоо, ошондой эле жергиликтүү калкты коркутуу өтө аша чапкандык. Бул жергиликтүү калкты чек арага жакын жайгашкан айылдардан жана аймактардан чыгаруу максатында жасалды. Анткени, бүткүл дүйнөдө чек араны биринчи кезекте жергиликтүү калк кармаары белгилүү.

Ошондой эле Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан менен чек ара маселелерин аскердик чыр-чатакты козутуп, күчкө салып кысым көрсөтүү жолу менен өзүнүн пайдасына чечүүнү максат кылганы ачыкталды. Президент Э.Рахмон  - жакшылыкты билбеген улут лидери болуп чыкты. Ал 30 жыл мурун, тажик мамлекеттүүлүгү  эң оор мезгилге туш болуп,  жарандык согуштун курчоосунда калганда, коңшу мамлекетке - тажик элине саясий, моралдык жана гуманитардык жактан эң чоң жардам жана колдоо көрсөткөн Кыргызстан жана кыргыз эли болгонун унутту. Ал мындан туура 25 жыл мурун дал Бишкекте бириккен тажик оппозициясынын лидерлери менен тил табышканын, ошол нерсе өлкөсүндөгү жарандык согушка чекит коюп, бейпил жаратман жашоого шарт түзгөнүн эсинен чыгарды. Президент Э.Рахмонду Кыргызстанга жана кыргыз элине каршы жасаган агрессивдүү аракеттери үчүн Жараткан жана боордош Тажикстан эли өзү жазалайт деп ишенем. Ал, албетте, Кыргызстан менен чек ара маселелерин тынчтык жана цивилизациялуу жол менен, жалпы таанылган эл аралык эрежелердин негизинде саясий жана дипломатиялык сүйлөшүүлөр, чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо жолу менен чечсе болмок. 

Бирок ал башка перспективасыз жолду — күч колдонуу менен чечүүнү тандап алды. Кыргыз эли эки миң жылдан ашуун убакыттан бери мамлекеттүүлүккө ээ болуп, бул аралыкта тагдырдын далай оор сыноолоруна туруштук берип, бирок ар дайым жеңишке жетип келгенин эске албай жатат! Сиздерге кайрылуумду: «Биздин ишибиз адилет, жеңиш биздики болот!» деген белгилүү формула менен аяктагым келет.

Урматтуу мекендештер!

 Ушундай кыйын кырдаалда мен Сиздерди биримдикке жана ынтымакка, Республикадагы коомдук-саясий туруктуулукту карманууга чакырам! Бул өлкөбүздүн алдында турган бардык маселелерди ийгиликтүү чечүүнүн башкы шарты!

 

Добавить комментарий

ПРАВИЛА РАЗМЕЩЕНИЯ КОММЕНТАРИЕВ:
1) Не допускайте в комментариях лексику, считающуюся ненормативной.
2) Не обсуждайте и не оскорбляйте личность автора статьи или авторов комментариев.
3) Не размещайте в поле комментария статьи других авторов или ссылки на них.
4) Комментируя статью, не отклоняйтесь от ее тематики и не размещайте в комментариях рекламную информацию.
5) Не допускайте в комментариях разжигания религиозной или межнациональной вражды, а так же сведений, заведомо не соответствующих действительности.
ПРИМЕЧАНИЯ: - Авторы публикаций не вступают в переписку с комментаторами и не обсуждают собственные с материалы. - Редакция не несет ответственности за содержание комментариев. АДМИНИСТРАЦИЯ САЙТА ПРЕДУПРЕЖДАЕТ - КОММЕНТАРИИ ПОЛЬЗОВАТЕЛЕЙ, СИСТЕМАТИЧЕСКИ ГРУБО НАРУШАЮЩИХ РЕКОМЕНДАЦИИ КОММЕНТИРОВАНИЯ СТАТЕЙ, БУДУТ УДАЛЯТЬСЯ НЕМЕДЛЕННО!


Защитный код
Обновить