ФБ тармагында кайрадан Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди кайраштырган билдирүүлөр пайда боло баштады. Буга чейин генерал Өмүрбек Суваналиев дагы ушул маанидеги маек берген. Анда ал эки достун тандемин Бакиев менен Куловдун тандемине салыштырып, бул нерсеге коюлчу чекит жакындап калганын кыйыткан. Генералдын маегинен кийин соцтармакта Жапаров менен Ташиевди бири бирине каршы коюуга аракет жапа тырмак башталганын сезүүгө болот.
Өмүрбек Суваналиев белгилегендей, Жапаров менен Ташиев бийликке тандем иретинде келишкен эмес. Бакиев менен Куловдун тандемин мында мисал катары көрсөтүү туура эмес. Анткени, алар бири бийлик башына келгенден кийин гана экинчисин иштешүүгө чакырган. Ал эми 2020-жылдагы октябрь окуясы кандай өңүттө башталып, кандай болуп аягына чыкканы жалпыга маалым. Ташиев партиясы парламентке өткөнүнө карабай, ызасын ичке жуткан башка партияларга тилектештик көрсөтүп, шайлоо жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган. Анын негизинде бийликке нааразычылыктар Сооронбай Жээнбековдун тактан кетүүсүнө жеткирген. Окуянын өнүгүшү Садыр Жапаровдун абактан чыгышын жана өлкө башчылыгына келишин шарттады. Булардын баары Камчыбек Ташиевдин коштоосунда жана колдоосунда болду.
Булардын иштеп баштаган алгачкы күндөрдөн тартып, экөөн эки башка жакка тартып кетүүгө аракеттер жасалып келет. Бирде жаңжалдаштырса, бирде мушташтырып, айтор, фантазиялар көккө көп учту. Алардын максаты эмне экени белгилүү. Жапаров-Ташиев бириккен кезде чоң күч. Ажыратса - ар бир өзүнчө алсыздыкка дуушар болот. Ошондуктан, бийликке ич күптүсүн сактап, мамлекетти эмес жеке кызыкчылыгын ойлогондор кандай болсо да экөөнүн ортосуна чок таштап, бийликти алсыратууну максат кылышкандай.
Камчыбек Ташиев УКМК төрагасы катары өз милдетин татыктуу аткарып келе жатат. Президенттин досу дегидей, аны уят кыла турган жорук жасабады. Ар бир иши, аракети кызматтык чектин ичинде гана. УКМК президентке карайт. Демек, төраганын ар бир жасаган иши мамлекет башчысы менен макулдашуунун шартында гана жүрөт. Аны мамлекеттик түзүмдү билген адамдар жакшы түшүнөт.
Өлкө тынчтыгын бузгусу келгендер биринчи эки достун мамилесин салкындатууну каалашат. Антпесе, каалагандай калчап, будуң-чаң салууга, келечекте бийликти тартып алууга дараметтери, мүмкүнчүлүктөрү жетпейт. Калың эл бир нерсени гана так түшүнүшү керек - Жапаров менен Ташиев мамилесин бузууну каалагандар мамлекеттин бейпил жашоосуна чекит койгусу келгендер. Андан башка алардын максаты жок.