Саясат таануучу Актан Ажымамбетов Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун кечээ, 8-сентябрда берген маалымат жыйынындагы билдирүүлөрүнө пикирин билдирди:

- Азимбек Бекназаров элге кызматы, сөзү өткөн, кадыр-барктуу адам болсо бир жөн. Чын чынына келгенде, анын айткан-дегенине маани бербей эле, “бирөө сүйлөп жатыптыр” деп койсок болмок. Бирок кээде чындыкты чыгарып, калп айткандардын калпын ашкерелеп турбасак, билбегендер “а тигиники туура го” деп ойлоп калышы мүмкүн.

Анткен менен элдин басымдуу бөлүгү Бекназаровдун кимдигин билип калышты. Бийликтен четтеп калса эле, коркутуп-үркүтүп, “Курултай өткөрө коем, андай кылам, мындай кылам” дегенин койбоду. Убагында башкы прокурор болуп турганда оозу-мурду кыйшайбай, “алты снайпер кармадык” деп жар салган. Жыйынтыгында, алтоосун турмак, бирөөсүн да көрсөтө албады. Камадык дешти, бирок камап-соттогонун ачыкка чыгарып, каза тапкан балдардын артында калган жакындарынын көкшүүнүн суутушпады. Эгерде бул жолу кызматты өзү биринчи таштап, “бийлик туура эмес жолдо баратат”, - деп анысын далилдеп берсе, “о, азамат”, - дейт элек. Мурдагы эле адаты – бийликке илеше албай калганда кылчу ишин жасап жатат.

Президенттин кеңешчилери тууралуу айтпадыбы, аларды аты-жөнүн ачык айтса болмок, арасынан өзү бир кезде чогуу жүргөн адамдары да чыгып калмак. Бир нерсени айтып коеюн, бүгүнкү президентибиз кеңешчилери жок деле иштей алат. Анткени, ал жон териси аркылуу көп окуяны өткөрдү, түрмөнү да көрдү, Кумтөрдү өзүбүзгө алууга аракеттенгенде эл арасында ар кандай пикирлер болот да, “биз Кумтөрдө иштеп жан багып атабыз”, - дегендер да чыкты, алардын таландысында калды, баарына туруктук берди. Керек болсо, бир кеңешчи албай туруп иштей алат. Бирок протокол деген нерсе бар да, ага ылайык келиш үчүн ар тармактагы кеңешчилер керек. Алардын айтканынын керектүүсүн алып, кереги жогун алыс кармайт. Болбосо баарын уга берсе, эртең дайынын таппай калбайбы. Президенттин өзүнүн көз карашы, оюу, программасы бар. Мен ал киши менен далай жолу митингдерде, ар кандай иш чараларда чогуу болгом, ошондуктан жакшы билем.

Бекназаровдун дагы бир айтканы – Атамбаевди баатыр көрсөттү. Андан башка аргасыз жок да. Эптеп бирөөнүн этегине жабышыш керек. Бирок мурункулары чыгып калаарын ойлоп сүйлөсө болбойбу. Атамбаевди жана анын жанындагыларды кузгун атап, өзүн бүркүткө теңебеди беле. “Бүркүт бир алат, кузгун кайра кайра чапчыйт”, - деп. Анысынын мааниси кандай эле? Бийликке жетериңер менен чоң жерден сугунгула да, кеткиле дегени эмеспи. Убактылуу өкмөттүн артын каза турган болсо, азыркы бийликти сындап жаткандардын кулагы чыгат. Көп нерсе чыгат. Бизди чакырса барып айтып беребиз. Резиденцияны ким талаган, ким кайсы автоунааны айдатып кеткен – баары белгилүү.

 Бийлик кимди командасына алат, ким менен иштешет – өзү билет. Анткени, анда жалпы элдин жоопкерчилиги үйүлгөн, эртең башы менен жооп берет. Мен айтат элем, президенттин кеңешчилери такталбаган маалыматты айтып, кадырын түшүргөнү үчүн топтолуп алып Бекназаровду сотко беришсе болот. Болбосо сыйлаганды корккон катары кабыл алышып, кайра-кайра чыга беришет.