ФБ тармагынын Аманат Муканов аттуу колдонуучусу Азимбек Бекназаровдун кечээги маалымат жыйынынан кийинки ой толгоосун жазып чыкты:

- Бокбасар Бекназаров дагы бир “тарыхый ачылыш” жасады. “Назарньюс” аттуу “Райым-миллион” каржылаган сайтка берген маегинде С.Жапаровдун мамлекетке кошкон өзгөчө салымы үчүн бир нече инсанга “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамын ыйгаруу чечимин сынга алып, мындай дептир:

“Эч качан эл аралык чатакта баатыр болбойт. Элин ойлосо “Кумтөрдү” саткан кишилерди баатыр кылбайт. Ошончо эле 2010-жылдагы окуялар боюнча баатырдык бергиси келсе Курсан Асановго берсе туура болмок. Анткени, ал эки тараптын ортосунда жүргөн. Мырзакматовго, Исаковго берсе жарашмак, анткени булар да эки элдин ортосунда чуркап жүргөн. Ал эми Камчыбек Ташиев бир тараптын командири болгон. Ошол себептен азыр экинчи тарап таарынып турат. Мына, Сузак, Санпадагы окуялардагы Камчынын салымы тууралу айтып атышат... Чындыгында ошондо өзбек-кыргызды мен жараштыргам. Кыргыз тараптан булар Талант Мамытовду берип, мен өзбектердин таасирдүү кишиси болгон Абдурахман ажыны апкелип, сүйлөшкөм. Өзбектер “Сузакта 7 үй-бүлө калып кеткен, аларды көрмөйүнчө куралдарыбызды бербейбиз” деген. Анан Сузакка ЭлТРди алып, кирмекчи болдук. Кыргыздардан бир нече делегат шайланып, башында Камчы болгон. Анан эле круговойго жеткенде: “ака, мен барбай эле коёюнчу”- дейт. Баатыр берем дегенде ошондо качып кетпей, “биринчи акеме бериниз”- десе болмок. Сузакка ошондо облпрокурор менен жалгыз киргем. Жалал-Абаддын аянтындагы эл ошондон кийин тараган. Өзбектерди жети үй-бүлөнү көрсөткөндөн кийин, 14-июнда токтотком. Чек арадагы өзбектерди карасаң, аянттагы кыргыздардын тараганынт карасаң... Мен уялам, баатырдык алмак түгүл, уялам. Азыркы бийлик баатырдык берүү менен ошол жараны кайра козгоп койду. Ырбатып койду... Улуттар аралык трагедия болдубу, эл жараштыбы, болду, андан өйдө сыйлык жок, жаап коюш керек болчу. Эми бул наам көпкө талкуу жаратат”.

Бокбасар деген атты Азикеге эл койгон, бул аттын тарыхын “Жаңы Ордо” гезитинин архивдеринен карасаңар, окуйсуңар. Ушул атка татыктуу, жүргөн жеринде бок жыттанган бузуку адам экен, чындыгында! Аксы окуясы, апрель төңкөрүшү учурунда канча адамдын каны акты, башка адам болсо Кудайдан коркуп, элден кечирим сурап, тынч олтурмак.

Түштүк коогалаңы Оштон башталып, Жалал-Абадка таркап жаткан кезди эл жакшы билет. Жаалданган, куралданган, миңдеген адамдар Жалал-Абаддын аянтына чогулуп, Сузактагы өзбектерге атырылып, киребиз деп жатканда Бокбасар аке каякта жүрдү эле? Ал облусттук УВДнын имаратында өзүнө кошогон сасыган саясатчылар менен жашырынып, эмне кылышын билбей олтурган. Губернаторлору Бектур Асанов менен Байболов Базар-Коргондо чай ичип олтурушкан. Ошондо элдин алдына К.Ташиев чыккан. БТРдин үстүнө чыгып, элге кайрылып, “мен силерге Сузакка кирип, тынч атуулдардын канын агызууга жол бербейм! Баргыңар келсе, мына мени өлтүрүп, тебелеп кирип кете бергиле!”- деп жатып алганын баары көргөн. Ошондон кийин кызуу кандуу масса акылына келип, токтогон. Санпадагы окуя боюнча... Өзү жалгыз, октон коркпой барып, сүйлөшүп, өтүп аткан унаанын баарын аткылап аткандар куралын таштап берди го. Ушунун баарын Бокбасар Бекназаров жакшы билет. Бирок бүгүн ал атайылап, элди козутуу максатында тарыхый фактыларды бурмалап жатат. 

Маегинде дагы уялбай: “Бузулган элге окшошпуз... Баары саясатчы.. Кудайдан да, мыйзамдан да коркушпайт... Мындай эл - жандүйнөсү бузулган, адашкан эл...”- деп жанын жеди. Эл эмес, сиз бузулгансыз, Азике! Кудайдан да, мыйзамдан да коркпогон, жандүйнөсү бузулган Сиздей саясатчы Кыргызстандын эле эмес, дүйнөнүн дагы тарыхында болгон эмес! Бул шоунун максаты бир – ал дагы кан төгүлүшүн каалап жатат! Түштүк коогалаңы тууралуу айтып, “экинчи тарап” деп, дагы козутууга өттү. Мунун баарын ал кайрадан кызматка барыш үчүн жасап жатканы өкүнүчтүү. Оңолбойт экенсиз! Эл сизге керек эмес! Мамлекетти дагы уруп ойнобогон бузуку адамсыз! Жазаңызды эл берет бир күнү!