Ташиевке "Эл баатыры" наамы расмий берилип, "согушту биз токтотконбуз", "паланчанын эмгеги зор"-деген сыяктуу өздөрүн чокчолой баатыр көрсөтүп, кыйын болуп келгендерге акыркы точка коюлду го деп эсептейбиз.
Эсимде, ошол убакта Жалал - Абад шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Женбеков Максатбек Беккелдиевич деген неме: "Оштон башталган өрттү Ноокенден өчүрүп, Бишкекке жеткирбей калдык", - деп, оозу-мурду кыйшайып койбой "Жаңы Ордо" газетасына маек берген болчу( "Жаңы Ордо" газетасы. 2010- жыл. 17 -декабрь).
"Биз"- деп, ал өзүнө кошуп баатыр көрсөтүп жаткан адамы ким дебейсиңерби? Баягы эле Кадыржан Батыровдун "любимая женасы" Бектур Асановду айтып жатат.
Согушту токтотуп калганга кудреттери жетет экен, ошончолук эле элдик патриоттор болсо, Кадыржан Батыровдун үйрөтүлгөн жаман итиндей болуп, кайда барса артынан калбай ээрчип жүргөндө согушту болтурбай алдын алып калышпайт беле.
Баарынан да кызыгы, бул дөөдүр мэрдин ошондогу айтканын сөзмө-сөз кайталап жазамын: "Бакиевчилердин акчасы түгөндү окшойт, акырында эл аларды ээрчибей калганда, дагы бир элдин намысына тийүүчү опурталдуу оюнду башташты, ал - улуттар аралык араздаштыруу болду. "Жалал-Абад базарында кыргыздын уул-кыздарын өзбектер токмоктоп жатышыптыр" деген чагымчыл сөздөрдү таркатышы. Уул-кызы кордолуп жатты дегенди уккан кыргыздар карап турабы, топтолушуп шаарга кирип келишти. Мына ошентип шаар өрттөлүп баштады", - деп тантыраган.
Эми ушул жерде жакшылап байкап туруңуз. Демек, бул Женбеков деген былжырбайдын айтканы боюнча, Жалал-- Абаддагы согушту Бакиевди колдогон кыргыздар баштаптыр да?
Биринчиден, Бакиевдер май айында эле өлкөдөн чыгып кетип калышпады беле.
Экинчиден, согуш Ош шаарында башталып, андан соң Жалал -Абадга жеткен. Кадыржан Батыров Жалал- Абаддын тургуну экенин эске алганда деле, Жалал- Абадда согуш сөзсүз болмок.
Мына ошентишип, "согушту кыргыздар баштаган, а биз токтотуп калганбыз" деген жалган баатырлар чыгышкан.
Борбордо жатып алышып УӨттүн шакалдары "Талкалагыла, беш -алты кыргыз өлсө эч нерсе болбойт, баарын Бакиевге шылтап койгула", - деп, ячейкадан уурдалган акчаларды сумкалап, капка тыгып жөнөтүп жатса, Женбеков, Асанов окшогон жасалма баатырлар чыкпай калсынбы?
Бир топ элдер согуштун баш-аягын анализдебей, көрбөй- билбей ошондогу УӨттүн жалгандарына ишенишип, Исмаил Исаковду согушту токтоткон "баатырга" айлантышып айтып келишти.
Согуш башталганын алдын ала билип, бирок токтотконго аракет кылбай, ал эми согуш башталган күнү туулган күнүнүн юбилейин майрамдап жаткан, андан соң 500дөй адамдын канын төккөн Кадыржан Батыровду жашыруун өлкөдөн чыгарып жиберген адамды биз "согушту токтотуп калды" деп айта алабызбы?
Анан дагы Курсан Асановду да Ош коогалаңын токтоткон адам катары аз эле жерден "баатыр" дегендер бүгүн деле арабызда көп. "Курсан Асанов өзбектерди чек арага ташып, алардын алтындарын алган" деген сөздөр да күнү бүгүн деле токтобой келет. А түгүл "толгоосу кармап жаткан кыргыз келинге жардам бербей, өзбек аялдарын алып кеткен" деген имиштер жүргөн, ошол убакта. Имиш жөн жерден чыкпашын баарыбыз билебиз да. Курсан Асанов Атамбаевдин кызыл пакетин колунан түшүрбөй көтөрүп жүргөнүн көргөндө, жогорудагы имиштерге толук ишенип калат экенсиң. Андай болбогондо, генерал башы менен Атамбаевдин пакетин көтөрөбү? Эмне болгон пакет экен, ошончолук эле ошол каргыш тийген пакет менен кошо туулгандай пакетке жармашып калгыдай?
Мына ошентип, Ош коогалаңынын баатырлары бир четтен чыгып, он эки жылдан бери башыбызды айлантып келишкен. Президентибиз Камчыбек Кыдыршаевичке мындан он эки жыл алдын бериле турган "Эл баатыры" деген наамды берип, бул маселеге чекит койду.
Согушту Ташиев, Садыр Жапаров, Келдибеков үчөө токтотуп калганын согушту башынан өткөргөн түштүк эли бүт билебиз.
Ташиев туура айтат, Келдибековго да баатыр наамын бериш керек болчу. Ал эми Садыр Жапаровго Кумтөр үчүн Нобель сыйлыгын берүү зарыл.
Шамурза Борукулов, журналист