Садыр Жапаровдун президент катары ишмердүүлүгүн жүргүзө баштаганына 500 күн толду. Бул убакыт аралыгында учурдагы бийлик кандай жетишкендиктерге жетишкенин, өлкө үчүн кандай маанилүү окуялар орун алганын Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов айтып берди:

- Улуттук наркыбызда “Сөз орундуу болсо, омоктуу ойлорду пайда кылат. Омоктуу ойлор оңой жана ыкчам иштөөгө жол ачып берет” деп айтылат. Президент Садыр Жапаровдун бийлик башына келгенинен бери 500 күн өттү. Оор акыбалда турган өлкөнү кабыл алган, жоопкерчиликти моюнуна илген эки дос – Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев, аларга тирөөч болуп келаткан Акылбек Жапаров жетектеген Министрлер Кабинетинин командасы 500 күн ичинде жакшы ийгиликтерди көрсөтүштү. Жакшы нерсени белгилеп айтып турушубуз керек. Алар кайсылар?

Биринчиден, Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өттү.

Экинчиден, өлкө аймагында курулуштар күчөдү, бул жаңычылдык, өзгөрүүлөр болуп жатканынын белгиси.

Үчүнчүдөн, мамлекет жеке ишкерлерди колдоого алып, анын натыйжасында жер жерлерде чакан ишканалардын ачылышы көбөйдү. Салык маданияты көтөрүлдү.

Төртүнчүдөн, дыйкандарга берилген насыялардын ченеми өтө жогорулатылды. Бул азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жасалган кадам.

Бешинчиден, өлкө аймагында ири жолдордун, чакан ГЭСтердин курулушу жанданды.

Алтынчыдан, коңшу жана алыскы мамлекеттер менен болгон мамилебиз оңолуп, кызматташуу жакшырып, эл аралык мейкинде Кыргызстандын орду бекемделди.

Жетинчиден, коргонуу тартиби күчөдү, өзгөчө чек ара жаатындагы иш аракетибиз мактоого алаарлык. Аскерлерибиз толугу менен куралданып, жаткана жана башка зарыл шарттар менен камсыздалды.

Мындан башка да жетишкендиктерге күн сайын күбө болуп жатабыз. Ушул жыл ичинде бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акылары, пенсия, жөлөкпулдардын суммасы эки эсе жогорулатылды. Маянанын көтөрүлгөнү  - жоопкерчиликтин көбөйгөнүнө барабар.

Коррупцияга, тартип бузууларга каршы күрөшүү дагы өз натыйжасына жетти.

Айта турган сөзүбүз бар, ушундай учурда ынтымактуу болуп, бир муштумга биригишибиз өтө маанилүү жана өтө зарыл. Улам жаңы кадамдарга барып жаткан өлкө жетекчилигин жумурай журт колдоого алып, туш тараптан жардам беришибиз керек. Жогоруда аталган жетишкендиктердин баары биргелешкен аракеттердин негизинде ишке ашып жатат. Өлкө жетекчилери ишмердүүлүгүнүн 100, 500 күндүгүндө кылган иштерин айтып, калкына маалымат берүүнү жакшы салтка, жакшы жетекчилердин наркына айландырып башташты. Оюбуз менен ишибиз дал келип, айткан сөзүбүз убагында аткарылганы бизди кубандырбай койбойт. Мисалы, Садыр Жапаров шайлоо кампаниясында эмнени айтса, алардын баарын ирети менен акырына чыгарып келатат. Ошол эле убакта, өлкөнүн тынчтыгын камсыздоо, коргоо боюнча Камчыбек Ташиевдин кылган аракеттери, ошол эле Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун командасы менен биргеликте аткарган иштери көңүл кубанта турган көрүнүш.  Ошондуктан, өлкө жетекчилигин колдоого алып, бир муштумга биригип, ынтымактуу болуу өтө зарыл деп эсептейм.