УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев жакында берген маегинде экс-депутат Канат Исаевдин оппозиция лидери боло алаарына күмөнүн билдирди. Исаев жакында эле оппозициячыл саясатчылардын Талас облусунун тургундары менен жолугушуусуна катышкан.

“Канат Исаев оппозициянын лидери болуш үчүн бышып жетилиши керек. Ал азыр жаштык кылат. Эсимде, 2010-жылы коалициянын башчысы кылып бекиткенбиз. Үч жылча башчылык кызматты аркалады. Бир дагы жолу коалицияны чогултуп, бир демилге көтөргөнүн көргөн жокмун. Мындан сырткары Канат Исаевдин артынан эл дүрбөп ээрчип алгыдай анын эл үчүн жасап койгон көрүнүктүү бир дагы  иши жок. Тескерисинче Токмоктогу Чынгыз Айтматов атындагы китепкананы, жерлерди мэр болуп турганда өз кызыкчылыгына сатып жиберген. Кылган кылмышынан бери 10 жылдык мөөнөт өтүп кеткендигине байланыштуу гана жазага тартылбай калган. Мыйзам жол бербейт”, - деген Камчыбек Ташиев.

Оппозициячыл ондукка Исмаил Исаков, Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Бектур Асанов, Кубан Кадыров, Канат Исаев жана Рыскелди Момбековдор кирген. Алардын көбү мурда бийликте болуп, бирок артына кандайдыр бир конструктивдүү жана пайдалуу нерсени калтыра алышпагандар.

Жаңы “оппозиция лидери” Канат Исаев тууралуу болсо, УКМКнын башчысы учурдагы бийликке оппозиция болуп жаткандардын артында кандай күчтөр тураарын түз кыйытты.

Эске салсак, экс-депутат Канат Исаев “Кыргызстан” партиясынын лидери, ага чейин Токмок шаарынын мэри болгон, а бул шаар белгилүү болгондой, Чүй облусунун ачык айтылбаган криминалдык борбору болуп эсептелинет. Бир караганда, албетте, бул эки фактынын эч кандай байланышы жок, бирок эгер партиясына  башта жалаң гана  токмоктук “спортчулар” киргенин жана уюшкан кылмыштуулук, контрабандага байланышкан бир катар ызы-чууларга катышып калышканын эске алсак, анда күмөн ойлор дароо өзү эле четке чыгат.

Ошондо, 2018-жылдын февраль айында “Кыргызстан” партиясынын депутаты жана грек-рим күрөшү боюнча спорт чебери Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда эки кыргызстандык менен чогуу кармалган. Ал “улуттар аралык кылмыштуу  топту түзүү жана жетектөө” жана “экономикалык контрабандага” айыпталган.

Токмоктун учурдагы мэри, “Кыргызстан” партиясынын мурдагы мүчөсү Урмат Самаев чек арадагы ок атылган окуяга катыштыгы бар катары аты аталган.

Учурдагы депутат Тазабек Икрамов дагы 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо ушул партиянын тизмесинде болчу.

Канат Исаевдин өзү дагы криминал менен байланышка шектелген. 2017-жылы соцтармактарга ага окшош адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө акча берип жаткандагы видео тараган. Андан тышкары, уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүнүн телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү тарап, анда Канат Исаев шайлоодон кийин мамлекеттик төңкөрүш жасоо үчүн боевиктерди алып жатканы айтылган.

Саясий куугунтуктун курмандыгыбы?

Бүгүн Канат Исаевдин тарапташтары кайрадан ары саясий куугунтуктун жана акыйкатсыздыктын курмандыгы катары көрсөтүүгө аракеттенишүүдө. Болбосо, жогоруда айтылгандар жана буга чейин козголгон кылмыш иштери такыр башка нерсени көрсөтүп жатат.

2010-жылдагы революциядан кийин Исаев “Республика” партиясынан ЖКга депутат болгон. Ошол эле жылдын 26-июнунда Финполициянын Чүй облустук башкармалыгы тарабынан ага каршы “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “кыйноо” боюнча кылмыш иши козголгону дагы депутат болуусуна тоскоол боло албаган. Кылмыш ишинин ачылышына мурда “Ак-Була” ААКнын жатаканасы болгон имараттын арзан баага сатылып кетүүсү себеп болгон. Жыйынтыгында, мамлекетке 2 миллион 117 миң 880 сом зыян келген.

 Парламент депутат болуп калган Канат Исаевге экинчи кылмыш иши жарым жылдан кийин козголгон – 2010-жылдын 2-ноябрында. Бул жолу тергөө экс-шаар башчысы шаардык китепкананын имаратын жеке тарапка мыйзамсыз сатканын аныктаган. Бирок ошол эле жылы иш түшүнүксүз абалда токтотулган.

Ооба, бул чечимге Башкы прокуратура ачык каршы чыккан. 2012-жылы кылмыш ишинин токтотуу чечимин жокко чыгарып, кайрадан кылмыш ишин козгогон. Бирок узакка эмес – 2013-жылга чейин гана. Андан кийин иш кайрадан жабылган.

Муниципалдык миллиондор

Эми кененирээк айталы. Кийин көзөмөл органына берилген иштин сюжетине ылайык, Исаев 2008-жылдын 4-ноябрында мэр катары «Токмок Инвест Групп» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө №567 токтом чыгарган. Андан соң 2009-жылдын 17-январындагы №19 буйругу менен Султан Бекташевди аталган муниципалдык ишкананын башкы директору кылып дайындайт. Бир караганда кадыресе көрүнүш.  Бир гана нерсе болбогондо. Бекташев Исаевдин жакын тууганы, тагыраак айтканда, аталаш бир тууганы.

Андан кийин Исаев Токмак шаарынын борбордук базарынын аймагындагы жер тилкесинин максатын өзгөртөт. Алгач муниципалдык автобекет куруу пландаштырылган.

 Мэр Токмок шаардык муниципалитетинин кызматкерлерине тиешелүү документтерди иштеп чыгып, көчүрүлгөн автобекетти мыйзамдаштырууну тапшырат.

 2009-жылдын 20-февралында Токмак шаардык кеңеши мэрге 2 миллион 126 миң 008 сом суммага автобекет курууга уруксат берген. Башкача айтканда, экспертизанын корутундусу боюнча иштин баасы жарым миллион сомдон ашык, тактап айтканда 697 миң 160 сомго ашыкча көрсөтүлгөн.

 Анын үстүнө мында Исаевдин биринчи вице-мэр Имамалиев, ЭМБнын жетекчиси Эсенбеков жана «Азия Строй Сапат» ЖЧКсынын директору Асыгалиев менен сүйлөшүп алганы тууралуу сөз болуп жатат.

 «Ак-Була» боюнча айтсак, 2008-жылдын 13-мартында Токмак шаардык кеңеши «Ак-Була» ААКнын мурдагы жатаканасынын имаратын социалдык инфраструктура объектилеринин тизмесинен турак эмес жайлардын категориясына которуп салган.

 Ал эми жер комиссиясынын жетекчиси Имамадиевге «Ак-Була» ААКнын мурдагы жатаканасынын имаратын сатуу мүмкүнчүлүгүн кароо тапшырмасы берилген. Сатып алуучусу  башта айтылган Асыгалиев. Анда 2 миллион 857 миң сом тууралуу сөз болгон.

Тергөө көпкө созулган. 2018-жылдын январында райондук сот Исаевди 12 жылга эркинен ажыраткан.

 Арадан жарым жыл өтпөй, 2018-жылдын июнь айында Бишкек шаардык соту Ж.К.Депутаттын кылмыш ишин кайра классификациялап, эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жабылган.

 

"vb.kg" сайтынан алынып, которулду