- Урматтуу Садыр Нуркожоевич! Президенттик шайлоодо түштүк эли сизге 90 пайыз добуш беришкени - бул талашсыз далил.

Бирок сиз түштүк элинин Бакиев тууралуу үнүн укпай, борбор шаардын айлана чөйрөсүндөгү: "Бакиев келбесин", -  деген бир ууч жугундукорлордун кыйкырыгын жалпы кыргыз элинин талабы катары кабыл алып жатасыз.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев өзүнө карата чыккан соттук чечимдерди ушул убакка чейин көрө электигин айтып, козголгон кылмыш иштерге байланыштуу сурак бергенге, сот жараяндарына катышканга даяр экенин билдирип келет. Калыстык үчүн, Акаевге түзгөн шартты Бакиевге да түзүп, өз чындыгын айтканга мүмкүнчүлүк беришиңизди суранабыз.

Мамлекеттин ар бир жараны ким экенине карабай, сиздин кол алдыңыздагы жети миллионго жакын адамдардын бири болуп эсептелет.

Биринин сөзүн угуп, экинчисин укмаксан болгонуңуз - сизге ызат-урмат алып келбейт.

Бакиевге өзүн актап алууга шарт түзүү менен сиз өлкөнүн бардык региондорунун элине бирдей калыс журт атасы экениңизди билдиресиз.

Сизден өтүнүп суранабыз: Бакиев Курманбек Салиевичке өлкөгө келүүгө, өзүн актап алууга президент катары шарт түзүп бериңиз.

Бийлик Бакиевге мамлекеттик деңгээлде коопсуздугун камсыз кылып бериши керек. Анткени, ал мамлекеттин башчысы болуп эки жолу эл тарабынан шайланган. Болбосо онлайн режимде тергөө жүргүзүүгө шарт түзүп берүүсү абзел. Бакиев өзү деле суранып жатат.

Бакиев Акаевге окшоп качып кеткен эмес. Отунбаеванын суранычы, жана

шериктеш мамлекеттердин президенттеринин өтүнүчү боюнча, элдердин ынтымагын бийик коюп чыгып турууга аргасыз болгон.

Ошондуктан ал сыртта жүргөндө, ага карата ар кандай жалаа жапкандан көрө, коопсуздугун камсыз кылып, же онлайн түрүндө териштирүү сөзсүз болгону ар тараптан жакшы болот.

Булак: “Майдан. kg” гезити