Акыркы кезде өздөрүн оппозиция жарыялаган топтун билдирүүлөрү боюнча КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы К.Ташиевге суроо салдык.

- Камчыбек Кыдыршаевич, кечээ күнү айрым саясатчылар Талас шаарынын күнүн шылтоо кылып облуска барып, апрель баатырларына таазим кылып келишти. Ошондой эле, алардын айрымдары "оппозиция элден бата алып жүрөт" деп бул жаңылыгы менен соцтармакта бөлүштү. Айрымдар буга улай алар экс-депутат Канат Исаевди лидер кылып шайлаганын айтып, күзгүгө саясатты кызытаары, төңкөрүш кылганга чейин барышары коомчулукта талкууланып баштады. Булар тууралуу эмне айта аласыз?

- Биринчиден, Канат Исаев оппозициянын лидери болуш үчүн бышып жетилиши керек. Ал азыр жаштык кылат. Эсимде, 2010-жылы коалициянын башчысы кылып бекиткенбиз. Үч жылча башчылык кызматты аркалады. Бир дагы жолу коалицияны чогултуп, бир демилге көтөргөнүн көргөн жокмун. Мындан сырткары Канат Исаевдин артынан эл дүрбөп ээрчип алгыдай анын эл үчүн жасап койгон көрүнүктүү бир дагы  иши жок. Тескерисинче Токмоктогу Чынгыз Айтматов атындагы китепкананы, жерлерди мэр болуп турганда өз кызыкчылыгына сатып жиберген. Кылган кылмышынан бери 10 жылдык мөөнөт өтүп кеткендигине байланыштуу гана жазага тартылбай калган. Мыйзам жол бербей.

Ал эми “күздө төңкөрүш, жазда төңкөрүш” деген бул кыргызстандыктардын арасында 2002-жылдагы Аксы окуясынан бери дайыма айтылып келген дежүр сөз. Кресло жетпей калагандардын сүйүктүү сөзү. Ооба, чындыгында 2005-жылдан бери үч жолу революция болду. Экөөсү жазда, бирөөсү 2020-жылы күздө. Революция эмнеден келип чыгат? Бийлик коррупция, уурулук менен алектенсе же шайлоолорду адилетсиздик менен өткөрсө революция келип чыгат. Шайлоолор таза өткөңдүктөн Атамбаевдин эки баласы тең депутат болуп олтурат. Муну да эсиңерге алып койгула. Бир эле команда берсек экөө тең өтпөйт эле.

Биз тескерисинче шайлоолорду мурда болуп көрбөгөндөй таза, адилеттүү өткөрүп жатсак, уурулар менен коррупционерлерди камап, кустуруп жатсак, пенсия, жөлөкпулдарды, эмгек акыларды көбөйтүп атсак, бюджетти толтуруп жатсак, мына биз УКМК эле бир жарым жылдын ичинде 8 миллиард сомдон ашык каражатты уурулардан казынага кайтардык. Прокуратура 2 миллиард сомдон ашык кайтарды. Салык менен бажыдагы коррупцияны токтотуп, чөнтөккө кетип жаткан акчаларды казынага буруп койдук. Казына көбөйүп калды. Ошонун эсебинен көтөрүп жатабыз эмгек акыларды, пенсия, жөлөкпулдарды. Анан эмнеге революция болуш керек. Мен мурда да эскерткем, азыр да эскертип коеюн. Кимде ким “революция кылам” деп митингге чыга турган болсо, “күлүн асманга сапырып” жиберебиз. Биздин милдет - артынан беш киши ээрчибеген сасык саясатчылардын эмес, мамлекеттин, анын ичиндеги көпчүлүк элдин кызыкчылыгын сактап калыш. Бизге көпчүлүк элдин, тарапташтарыбыздын койгон талабы ушундай. Биз ал талаптарды аткарабыз. Биз элдин нааразы болуп чыгышына мындан ары “повод” бербейбиз. Таза, эл үчүн иштейбиз. Бизге байлыктын кереги жок. Таза иштеп, тарыхта калышыбыз керек. Биздин максатыбыз ошол.