Тилекке каршы, акыркы учурларда президенттин, Министрлер кабинетинин ар кандай чечим, кадамдарын сынга алып, анын туура эместигин айтышып, каршы чыгып турууну милдетиндей көрүп алган топтор, коомдун бир бөлүгү пайда болду. Тигил же бул объектти инвесторго берүү тууралуу сөз болсо эле маселенин чоо-жайын билбей, тереңден түшүнбөй эле жер тепкилешип, айгай салышчу болду.
«Манас» эл аралык аэропортун чет элдик инвесторлорго берүү боюнча да ошондой болууда. Аэропортту менчигине биротоло берип, алар аэропортту алып кетип калышчудай кокуйлашууда. Инвестор аэропортту алып кетпейт. Аэропорт инвестордун башкаруусуна өтсө, алар аэропорттун инфраструктурасын оңдойт, заманбап абалга келтирет, жаңы техника, жадбуулар менен камсыздайт, эл аралык авиа рейстердин каттамдары көбөйөт, логистикалык мүмкүнчүлүгү артат, учактар учуп, конуучу тилкелер кеңейтилет ж.б. көптөгөн иштер аткарылат. Албетте, инвесторлордун өз кызыкчылыктары бар, алар аэропортту иштетүү менен киреше көрүүнү максат кылышат. Бирок киреше көрөлү, пайда табалы деп миллиондогон каражаттарды жумшап, жогорудагыдай иштерди кылышат.
Дүйнөнүн көп эле өнүккөн өлкөлөрүнүн аэропорттору белгилүү бир мөөнөткө инвесторлордун башкаруусуна берилген. Андан өлкөнүн эгемендигине же аэропорттун келечегине шек кетпейт. Ал эми коопсуздук жагы өзүбүздө эле калат. Мында белгилей кетчү нерсе, аэропорт инвесторго өткөндөн кийин авиа билеттердин баалары эл үчүн жеткиликтүү болуусу, инвестор менен келишим түзүүдө улуттук кызыкчылыкты толугу менен эске алынуусу, инвестор тарабынан макулдашуудагы талаптар так, кынтыксыз аткарылуусу белгилениши зарыл.
Булак: “Майдан. kg” гезити