Азыр Кыргызстандагы саясый туруктуулук көп жагынан 2020-жылдын октябрындагы бийлик алмашуунун башында турушкан Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ынтымагына, алардын мамилелерине байланыштуу экени талашсыз. Алар өлкөдөгү эң таасирдүү эки бийликти ээлеп турушат.
Камчыбек Ташиев ден соолугуна гана эмес, өмүрүнө да коркунуч жаралганына карабастан, баарына кайыл болуп жүрүп Садыр Жапаровду түрмөдө жаткан жеринде “Мекенчил” партиясынын лидери катары коргоп, колдоп, элге анын акыйкаттык үчүн күрөшүн жеткизди. Ал гана эмес, анын президенттик креслого жетерине жетишенчелик эмгек жасады. Ал Ташиев үчүн оңойго турбады, бир нече жылдык стресстик абал ден соолугуна доо кетирип, жүрөгүнөн операция да болду. Дүйнөдө мындай жакшылыкты атасынан көргөндөр деле аз. Ошондуктан бийликке нааразы саясатчылар, аны жактырбаган же буйрутмалар менен иштеген жазмакерлер, айтмакерлер маал маалы менен эки достун ынтымактарын ыдыратууга бардык күчтөрүн жумшап жатышат, мындан ары да жумшай берери бышык. Анын аркасы менен өлкөдөгү саясый абалды начарлатып, бузушуп, ополоң-тополоңдорду уюштуруп, башкы бийликти ээлеп алсак дегенде эки көздөрү төрт эмес, сегиз болууда. Бул максатта алар эки достун ынтымактарына доо кетире турган ушактарды, ыбыштарды-шыбыштарды таркатышып, акыбалдары жетишинче бири-бирине кайраштырууга аракет кылышууда. Алар: эки дос ажырашса, Талант Мамытов аргасыз бир жагына кошулат, ал өзү жалгыз калбайт, демек үч “бука сүзүшкөнгө” өтсө, бизге жол ачылат деп алакандарын ушалашууда.
Бирок кутумдардын андай максаттары ишке ашары өтө эле арсар. Садыр Жапаров өзүн абдан сабырдуу, толеранттуу гана эмес, арканды кенен таштаган айкөл жетекчи катары да көрсөтүп атканын белгилей кетели. Эгерде Садыр Жапаров Атамбаевге өзүнө кыянаттык кылгандай жамандыктарды жасап, анан кокус ордулары алмашып кетсе, Атамбаев ага жеңилдик берип, аямак түгүл эч кандай апыртуусуз биротоло анын гана эмес, жакындарынын да издерин кырдырып салмак. Бирок Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев Атамбаев өздөрүнө кандай оор жамандыктарды жасаганына карабастан ага түрмөдө курорттогудай шарттарды түзүп, анан үй камагына чыгарып, айкөлдүк сапаттарын да көрсөтүштү. Мындай айкөлдүк ар кимде эле боло бербейт. Камчыкебиз кээде эмоцияга алдырып, катуу кетип калган менен өлкөнүн кызыкчылыктарына байланышкан тагдыр чечүүчү маселелерге келгенде амбициясын дароо ооздуктап, компромисстерге барарын, акыл-эс, салкын кандуулук менен чечимдерди кабыл алаарын, айкөлдүк иштерди жасаарын көрүп эле жүрөбүз. Кыргызстанда андай эрктүү, намыстуу, эл-жер үчүн өмүрүн да аябаган мекенчил инсан аз, жок десе да болот. Аны ал 2010-жылдын июнундагы түштүктөгү кагылышууларда иш жүзүндө далилдеген. Камчыкенин чыныгы мекенчилдиги, эл-жер үчүн эч нерседен артка кайтпаган батылдыгы, чечкиндүүлүгү анын кээ бир учурлардагы алабармандыгын, ачууга алдырып коймойлугун жууп кетет. Бирок Кыргызстанда Ташиевдей элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан жогору койгон, аны өзүнүн иш-аракеттери, кадамдары менен көрсөтүп келаткан саясатчылар өтө эле сейрек кездешет десек аша чапкандык болбойт.
Албетте, чоң масштабдагы саясатчылар түгүл бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнүн арасында деле кайчы пикирлер болуп турат. Атасы бирди айтса, аялы башканы айтат, балдары экөөнө тең кошулбайт дегендей. Эки достун айрым саясый, кадрдык маселелер боюнча көз караштары, позициялары дал келбей калышы толук мүмкүн. Ал мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, үй-бүлө мүчөлөрү кайчы пикирлерди акылдашып, пикирлешип отуруп, бир нукка түшүрүшкөндөй эле, достор да кайчы көз караштарын пикирлешип отуруп, бир позицияга келтиришерин, ага акылдары, эрктери жетээрин бөркүбүздөй көрсөк болот Анткени, алардын артында, жоопкерчилигинде 7 миллиондой калкы бар Кыргызстан деген мамлекет турат. Аны экөөсү эң жакшы түшүнүшөрүн, аңдашарын далилдеп келатышат.
Кыргызстандын жаңы тарыхынын бийлигиндеги буга чейинки “достор” кырдаал өзгөрөр менен бири-бирин сатышып, бири-биринин беттерине арактарды чачышып, дасторкондогуларды ыргыта боктошуп, анан мазактаган, шылдыңдаган ырларды жазып ажырашса, булардын Манас менен Алмамбеттей азыркыларга гана эмес, кийинкилерге да үлгү бойдон каларлык достордон болуп калууга акылдары, тажрыйбалары, эрктери жетет. Камчыбек Кыдыршаевич жигиттик сөзүнө, достукка дайыма бекем турган адам. Ал мындан ары да ошол бойдон кала береринен эч ким шектенбейт. Камчыбек Ташиевге, эки доско каршы багытталган каралоолор алардын мамилесин, достугун гана чыңдабаса, жарака кетире алган жок. Бул жагынан алганда, достук сыналып, чыңалууда. Кутумдар, ою бузуктар канча аракет кылышпасын, “ит үрө берет, кербен жүрө берет” дегендей, убакыттын өтүүсү экөөсүнүн достуктарын темирдей бекемдеп гана жатканына күбө болуп жатабыз.
Булак: "Майдан. kg" гезити