Раим Матраимов Атамбаевдин тарапташтарын каржылык жактан колдоп жатканы тууралуу жарандык активист Кайып Шер соцтармактагы баракчасына жазып чыкты. 

"Урматтуу Раим Матраимов! Мен сизди "эл багаар табышкер, менеджер" деп буга чейин жер - сууга тийгизбей мактап келдим. Ал тургай "азыркы президент Садыр Жапаровдон кийин президент болот деп жар салсам, сиз ал айтылганды кармап кала албадыңыз. Кокондук Алмаз Атамбаевдин тарапташтарын 1500 доллардан каржылап  жатканыңыз мени иренжитти. Ал балдар ар кандай андай жолдор менен мага таш ыргытып келет. Айрымдар "Раим менен Алмаз Атамбаев жана башкалары биригип, мурункудай "туугандашып алды" дешүүдө. Эмнеси болсо дагы туура эмес кылдыңыз, Раим мырза! Мени ыңгайсыз акыбалга кептединиз! Аманчылыкта бол! Ийгилик болсун!" - деп жазды.