Кээде туруп, Кыргызстанды башкарган мурдагы президенттердин трагедиясы – алардын өздөрүнүн кемчиликтерин, катачылыктарын көрө алышпаганындабы деген ой кетет…
Өлкөбүздүн туңгуч президенти Аскар Акаев кайсы гезитке, телеге интервью бербесин, президент катары жакшы иштеп, мамлекетти өнүктүрүп жатканында бийликтен төңкөрүш жолу менен кетирип салганын айткандан чарчабады. DW аттуу немис гезитине берген маегинде да ушуну айтты. Ар дайым Кыргызстандын демократиянын аралчасы экенин айткандан жадабаган жарыктык киши, америкалыктардын басмаканасынан чыккан эркин гезиттер анын бийликтен кетишине себепчи болгонун саймедиреди. Эми демократия өкүм сүргөн, сөз, ой эркиндиги бар өлкөдө гезиттер сындайт да. Аны бир айтабы, эки айтабы, аны кыргыз элинин баары билет. Андан көрө президент катары кемчиликтерин, туура эмес иштерин, өлкөнү башкарууда жумшактык кылганын, бийликтин тизгинин үй-бүлөсүнө алдырып ийгенин айтса, элдин алдында жүзү жарык болуп, кайсы бир деңгээлде өзүн реабилитациялайт беле. Же биринчи ажобуз Кыргызстанга келип, Кумтөр боюнча суроолорго жооп берип, кылмыш иштеринен кутулсам эле болду, кыргыз эли кечирди, жүзүм жарык деп ойлойбу?
Акаевдей эле өксүк пикирлерин андан кийинки президенттер да, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев да айтып келет. Атамбаевдин айтканына ишенсек, анын тушунда өлкөдө коррупция түп тамырынан жоюлуп, ар бир кыргыздын тоогу алтын жумуртка тууй баштаган. Деги кыргыз президенттери качан «мен кыйратым аткам, жыргатып, өнүктүрүп аткам» дегендерин токтотуп, өздөрүнүн ишмердиктерине сын көз караш менен караганга үйрөнүшөт?