Кыргызстандагы оппозиция радикалдуу жолго түшүп алды. Мындай пикирин коомдук ишмер Турсунбек Акун "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 

Ал демократиялык көз карашты карманган өлкөдө сөзсүз түрдө оппозиция болуу керектигин белгилеп, бирок конструктивдүү оппозициялык кыймылдар гана бул жааттагы функциясын толук кандуу аткара алаарын билдирген.

"Кыргызстан ачык, светтик укуктук коом болуп эсептелет. Биз демократиялык коомду курабыз деп канча жылдан бери аракет кылып келе жатабыз. Белгилүү укук коргоочулардын, демократиялык күчтөрдүн, жарандык активисттердин, саясий кызматкерлердин, саясий ишмерлердин талыкпаган аракеттери менен Кыргызстан Борбор Азиядагы адам укуктарын коргогон өлкө, Кыргызстан Борбор Азиядагы демократиянын аралчасы деген аттарга кондук. Мына ушундай өлкөдө сөзсүз түрдө оппозиция болушу керек. Оппозиция деген сындайт, бийликтин кемчиликтерин айтып көзгө сайып көрсөтөт. Ошондой эле алдын ала көп нерсени эскертет. Бийликтин кемчиликтерин чукуп айтат.

Оппозициянын эки  түрү болот. Бири радикалдуу оппозиция. Экинчиси, конструктивдүү оппозиция. Конструктивдүү оппозиция сыны менен кошо абалдан чыгуунун концепциясын, программасын сунуштайт. Биздеги оппозиционерлер радикалдуу оппозициянын жолуна түшүп алышкан. Ошон үчүн алар Садыр Жапаровдун бийлигин сындап, керек болсо аны кетирүүнү көздөшөт. "Булар болбой калды" деп элдин көңүлүн өздөрүнө бурууга аракет кылып жатышат. Билими бар, идеяга бай саясатчылар көбүнчө конструктивдүү ойлорду айтышат. Алар жакшы жагын да, катачылыгын да белгилешет. Ошондой эле оор абалдан чыгуунун жолдорун да сунуштайт. Тилекке каршы, бизде конструктивдүү оппозиция жок. Кыргызстандагы оппозиция Атамбаевдин жолуна түшүп алган. Атамбаевдин баласы да атасынын жолун жолдоп жатат. Атамбаевдин баласы атасынын жаман жагын эмес, жакшы жагын да алып, жаш болгондон кийин жаңыча вариантта да иштесе да болмок.