Адахан Мадумаров Камчыбек Ташиевдин өзүнө болгон сыйын коркуу катары кабыл алып алды. Мындай пикирин саясат таануучу Актан Ажымамбетов билдирди.
"Ким кооз сүйлөп, өзүн маданияттуу, сөзмөр көрсөтөөрүн эмес, ким кандай иштеп жатканын карашыбыз керек. Сөздөн ишке өтө турган учурубуз эчак келген. Камчыбек Ташиевдин иши көп, убактысы тар болуп жаткан маалда, Мадумаров контрабандага тиешеси бар делип жатпайбы, ошол жактан тоскоолдуктар жаралып, кирешеси азайып калганга атайын Ташиевдин кыжырына тийип, провокацияга барып жатат. Аны көрүп эле турабыз. Ош окуясына шектелгендер, бийликке жетпей калгандар, коррупцияга тиешеси барлар биригип алып, "артыңда биз турабыз", - дешип Мадумаровду көкүтүп жатышкандай. Ошон үчүн сөөмөйүн кезеп баштады. Негизи, кылмыш иши козголгондо деле, ким баштады, кимден күнөө кетти - каралат эмеспи. Жогорку Кеңештин жыйынында Мадумаров өзү баштап койду, ар кандай сөздөрдү айтты, "эл эртең жарылат" да деди. Эл карап турат да, ким иштеп жатат, ким иштеген жок, анан иштеп жатышса деле жарыла беришмек беле. Мурдагылар иштебегени үчүн эл жарылып, революция болгон.
Мен кыргызстандык жаран катары тийиштүү кызматтагылар кайрылат элем: Мадумаровдун мыйзамсыз иштерге катыштыгы болсо, фактыларды бетине коюп, элге чыгарып, ага жараша жоопкерчиликке тарткыла. Болбосо күндөн күнгө катуу кыйкырып койсо, эл анын сөзүнө ынанып баштады. Ал Ташиев өзүн сыйлап, депутат эле деп жатканын түшүнбөдү, коркту деп ойлоп жатат. Сыйлаганды коркуу катары кабыл алгандар бар", - деди А.Ажымамбетов.