Токмок шаары тараптагы май куюучу жайларды бузуп, ал аймакты казак чек арачылары өзүнүн жери катары тосуп жатканын чагылдырган видео интернетке тарады. Бул айрымдарды дароо эле "жаман" ойго түрттү: "азыркы бийлик жер сатып жатат!" - деген. Бирок ал жердин кандайча болуп казактардын энчисине өтүп кеткенин коомчулук билсе керек. 

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы боюнча маселе Курманбек Бакиев бийликте турган кезде чечилген. Ал кезде азыр периште көрүнүп жаткан Адахан Мадумаров маанилүү кызматтарды аркалап турган. Атап айтсак, 2005-жылы Кыргыз өкмөтүндө вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, 2006-2007-жылдары Мамлекеттик катчы, 2008-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын спикери, 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы. Мына ушул жооптуу кызматтарды аркалап турганда, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы, ал эми коңшу өлкөнүн кызыкчылыгына дал келген бир топ чечимдердин кабыл алынышына кол кабыш кылууга жетишкен. 

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы тууралуу Келишимди ратификациялоо учурунда Мадумаров Жогорку Кеңештин спикери болгон. Айрым депутаттардын каршы болгонуна карабай, аны өткөргөн. 

Ошол убакта депутат болуп турган Садыр Жапаров: "Токмоктогу чыканактай болуп турган жер кенедей эле жер. Аны казактар алууга кызыкпайт деле болчу. Бирок суу плотинкасын куруш үчүн түз аккан сууну буруп, жооптуу бийлик адамдары соодалашып алдырып жиберишти. Кайдыгерлик, жеке кызыкчылыкты жогору койгондордун айынан  жерлерибизди алдырып жатабыз", - деп парламенттин трибунасында айткан. 

Бирок Адахан Мадумаров ачуу чындыкка көнбөй, депутаттардын кенедей жердин мааниси келечекте чоң болуп калаарын түшүндүрүүгө аракеттенгенине карабай, Келишимди добушка коюп, өткөрүп жиберген. Анысы менен ошол кездеги бийликтинби же коңшу мамлекеттин суранычынбы аткарып, "эрдик" жасаган. 

 Саясатчы Азимбек Бекназаров кийин кыргыздын жерлери Казакстанга өтүп кетүүсүндөгү Мадумаровдун "салымын" канча какшанып жүрдү. "Жерлердин берилишине Мадумаров биз, оппозиция менен жүргөндө каршы эле. Кийин "Ак Жол" партиясы менен депутаттыкка шайланып келгенден кийин тескери сүйлөп калды. Макул болуп, Каркыра, Көк-Сай, Токмоктун тушундагы жерди, Маймакты казактарга өткөрүп берген. Тарыхый документтерде анын колу турат", - дейт Азимбек Бекназаров. 

Мына ошол убактагы Мадумаровдун бир ууч адамга кызмат кылам деген кыска ойлуулугунун кесепети бүгүн Токмоктогу май куюучу жайлар жайгашкан жерди казак жоокерлери айланта курчаганынан билинип жатат. Бирок документтерде колу туруп, стенограммада сөздөрү сакталып калса да, Адахан Мадумаров апакай көрүнүүсүн улантып жатат. Жер саткандардын жазасы оор болушу керек, ал качан жоопкерчиликке тартылат?