- Ахматбек Келдибекович, "Камчыбек Ташиев Америкага ыктаган саясатчы" деген божомолун россиялык сайт жарыялады. Ушул боюнча сиздин пикириңизди уксак дегенбиз.

- Биз Советтер Союзунун таалим-тарбиясында  чоңойдук. Орто билимди Ош шаарындагы Терешкова атындагы мектеп-интернатынан алдык. Жогорку окуу жайын Камчыбек Ташиев Томск шаарынан, мен Воронежден бүттүм. Бул шаарларда биздин жаштыгыбыз калган, келечекке болгон максаттарыбыздын пайдубалы салынган. Студенттик курактагы группалаш, достор менен бир туугандай болуп каласың. Канча жылдан бери үзөңгүлөш жүрөбүз, ал балдарын  Америка, Европадан эмес, Томск шаарынан окутканын жакшы билем. Ошондой эле, ал жактагы достору, группалаштары менен тыгыз катташып тураарын билем.

Ошондуктан, "Камчыбек Ташиев америкалыктарга ыктап жатат" деген сөздүн өзү жөн гана каралоо деп ойлойм. Анткени, биз депутат кезибизде Москва, Питер өңдүү канча деген шаарларга бардык, биздин келечектеги бир гана стратегиялык эмес, тарыхый коңшу, союздаштарыбыз Россия, Казакстан, Өзбекстан деген принципте жүргөнбүз. Ал эми Камчыбек Ташиев бир принциптүү жигит. Ошондуктан, мунун баары максаттуу түрдө каралоо десем жаңылышпайм.