Россиянын маалымат каражаттарынын биринде Кыргызстан Россия менен мамилесин үзүп, Батышка ыктай баштаганын чагылдырган макала жарыяланды. Автор мунун баарына УКМКнын жетекчисин айыптаган. 
Камчыбек Ташиев - КР Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы. Анын бул жетекчилик кызмат берген ыйгарым укуктары келтирилген жүйөлөрдү ишке ашырууга жетеби? Эмнеге орус маалымат каражаты капысынан кыргыз жетекчисин жаманатты кылууга аракеттене баштады? 

Саясатчы Бекболот Талгарбеков биринчи кезекте макаланын автору жазылып тургандай россиялык журналист эмес, кыргызстандык,  учурдагы бийликке тиш кайрап жүргөндөрдүн арасында болушу мүмкүн деп эсептейт. 

“Макаланы окуп чыкканымдан кийин менде Камчыбек Ташиевди атайын каралоо үчүн жазылган заказ материал деген пикир жаралды. Себеби, автор келтирген жүйөлөрдүн бири дагы тастыкталган эмес. Эксперттердин айтуусунда, булактардан алынган маалыматтар деп жатат. Бирок кайсы эксперт, кайсы булак – так көрсөтүлгөн эмес. Демек, атайын заказ менен жазылган макала”, - деди Талгарбеков. 

Ал белгилегендей, Камчыбек Ташиев эч убакта батышчыл болгон эмес. Кыргызстандагы батышчыл саясатчылар көбүнесе Батыш өлкөлөрүндө жашап же билим алып келгендер же болбосо бейөкмөт уюмдардын катарында жүрүп, океандын ары жагынан келген каражаттан ооз тийип калгандар. А Камчыбек Ташиев Россиянын Томск шаарындагы жогорку окуу жайын аяктаган жана билим алууга кеткен беш жылды кошпогондо өмүрү дээрлик кыргыз жергесинде өтүп жатат. 

Макалада Кыргызстандын Россияга далысын сала баштаганынын белгиси катары 9-майда парад болбогону айтылган. Буга УКМКнын жетекчисинин чечими себеп болгону белгиленген. Андан сырткары Америка менен экономикалык жана техникалык Келишимдин түзүлгөнүнө да УКМК жетекчисин кыпчый кеткен. 

“Жеңиш күнүндө парад өткөрүлбөгөнүнө Камчыбек Ташиев айыптуу болушу мүмкүн эмес. Анткени, мындай сунушту Коргоо министрлиги киргизет, а президент чечет. Ошондуктан, Ташиевдин демилгеси менен парад өткөрүлбөй калды деген айыптоо чындыкка дал келбейт. 

Ал эми экономикалык жана техникалык кызматташуу Келишимин түзүү дагы Ташиевдин ыйгарым укугуна кирбейт. Бул ИИМдин ыйгарым укугундагы нерсе. ИИМ сунуш киргизет, аны Министрлер Кабинети коллегияда карап, чечим чыгарат. Демек, УКМК жетекчисинин дарегине айтылган бул айыптоо дагы суу кечпейт”, - деди Бекболот Талгарбеков. 

Сөз кылып жаткан макалада Кыргызстандын тышкы саясаты гана эмес, ички иши дагы сынга алынган. Анда кыргыз-тажик чек арасынын чечилбей келатканына басым жасалган. Талгарбеков кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдар согушка айланып кетпей кармалып турганына Камчыбек Ташиевдин эмгеги чоң деп эсептейт:

“Чек арадагы маселени чечүүдө, абалды жөнгө салууда, акыбалдын оордошуп кетпешине Ташиев чоң салым кошуп жатат. Ал УКМКнын жетекчилигине келгенде Чек ара кызматын улуттук коопсуздук кызматына кошту. Аны менен абдан чоң иш жасады. Кыргыз-тажик согушу болуп кетпей, чек ара маселесинде уттурбай турганыбыздын себеби Камчыбек Ташиевде экенин коомчулук билет”. 

БУУнун Россия-Украина согушу боюнча кабыл алган резолюциясында Кыргызстан нейтралдуу добуш берген. Орус жазмакерине (балким кыргыз) бул Кыргызстан орус саясатын колдоодон баш тарта баштагандай таасир калтырган. Талгарбеков өлкөнүн БУУ резолюциясына добуш берүүдөгү позициясын аныктоо Камчыбек Ташиевдин ыйгарым укугуна кирбей турганын белгиледи.