- Манастын уулу Семетейдин тартылганына бир топ убакыт болгону менен , ызы-чуусу токтой элек. Бул кинонун тагдыры эмне болду? Тартылып бүттүбү?

- Былтыр июнь айында чыгармачыл топту чогултуу үчүн кастинг өткөрдүк.  Июль айында тарта турган жерлерди, кийе турган кийимдерди даярдап, 22-июлда тартып баштадык. Ошондон баштап эле ызы-чуу болуп,  сындар айтыла баштады. Биринчи сын “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” улуу чыгарма. Муну кино кылбаш керек”- деп Дөөлөт Сыдыков айтты. Манас мурун ооз эки айтылчу. Заман өзгөрүп, техника өнүккөндө радиодон айтылып, теледен көрсөтүлдү. Китепке түштү. Кино тартылчу мезгилге да келди  дедим. Себеби, 40 жыл пьеса болду. Пьеса вариантынын видеосу интернетте турат. Пьеса бир эле сахнада ойнолсо, биз тоого алып чыгып, боз үйлөрдү тигип, атчандарды   уруштуруп, кооздодук.  3-4 айда  300-400 миң доллар менен тартып бүтөбүз деп максат койдук. Россиядан графикаларды  даярдап, Казакстандан 2-3 миң доллар турган кийимдерди алдырабыз. Баш аягы бир миллион долларлык каражат менен тартылат десем, 3-4 айда 300-400 миң доллар менен сапаты жок кино тартылат деп айтып чыгышты. Жоопкерчиликти сезгенибиз үчүн 11 айдан бери  тартып, кемтигин толтуруп, катачылыгын оңдоп жатабыз. 500 миң долларлык каражат кетти. 

Бирок, элге чыгарбашыбыз керек деген талап менен президентке чейин кайрылышты.   Элге чыгарбай тыюу салгыдай биз мыйзам бузган жокпуз. Бул кинодо улуттар аралык жаңжалга түрткөн, мыйзам тыюу салган парнография жок. Эгер ошондой эпизоддор болсо, элге чыгарбайбыз дешсе жарашмак.  

- Бул кинонун сценарийин эмнеге таянып жаздыңыз?

- Сценарийди Жалил Садыков жазган пьесага таянып жазгам.  Азыркы заманга ылайыкташтыргам. Ага болбой эле этектей макалларды жазып, мага каршы чыккандар болду. 

- Негизи бул тасмага кимдер, эмне үчүн каршы чыгышты?

- Биринчи тартылбаш керек дешти. Кино тартылып баштаганда кыргыздын кызыкчылыгын сатпаш керек дешти. Кыскасы, Манасчылар менен тарыхчылар мени сындаган болушту. Алар үч жыл мурунку сценарийди окуп алып, ошол сценарий менен кино тартылып жаткандай ойлоп  чырдашты. Мен үч жыл мурун орустардын Каро Продакшн деген кинокомпаниясы менен кино тартууну пландаганбыз. Алар орустарды да кошуп койсоңор деген өтүнүчүн айтышкан. Акай Кине  Манас атабыз Алтайда туулган. Кыргыздын салтында адам кайда туулса, сөөгү ошол жерге коюлат. Манас атабыздын сөөгү Алтайга коюлган дегенди айтып жүрөт. Мен ошол ой менен жазып койгом. Кино тарта келгенде Алтай кайда, ала тоо кайда деп сөөктү көтөрүп жүрмөк беле деп сценарийден ал жерин өзүбүз эле  алып койгонбуз. Манасчылардын, тарыхчылардын айткан сындарын эске алып, кино тартуу учурунда бир топторун оңдогонбуз. Биз бул кинонун жоопту иш экенин билип, жоопкерчилик менен мамиле кылып жатабыз.

- "Манастын уулу Семетей" киносу жабык эшикте көрсөткөндөн кийин президент кандай пикирде болду? Эгер президент өзү колдосо, эмне үчүн токтоп турат?

- Президент негизи кубаттады. Азыр да бир сыйра көрөйүн деп турат. “Манастын уулу Семетей” 80 жылдан бери тартылбай келе жаткан кино. Кудай буюрса, бул тасма Садыр Жапаров бийликке келгенде идеологиялык чоң окуя болгону турат. Ошону ыраа көрбөгөндөр душмандык кылып, ар кайсыны айтып жатышат. Президент идеологияны түшүнгөн үчүн президент колдоду. 

Ошондой эле, жабык көрсөтүү деп  орустун жана түрктүн кино прокатчыларына көрсөттүм. Алар  акча төлөп көрүүчү каналдарды сунушташты. 

- Буга чейин “Президент жана Бомж”, “Төңкөрүш” деген сыяктуу саясий фильмдерди тартып келе жатасыз. Саясый окуяларга кандай баа бересиз. Президент кандай иштеп жатат?

- Президенттин аракеттин баалайм. Экономика жогорулап, маяналар, жөлөкпулдар көбөйө баштады.  Эволюциялык өсүүлөр болуп жатат.  Бирок, өзүнүн үй бүлөсүн тыңдап бага  албагандын баары президенттин аракетин көрүп турса да,  сотцетте сындап отурушат. Мен Садыр Жапаровдун туура иштерин колдойм. Тоңгон музду жылдырды. Мен колдоп койсом пахтакор, деп сындашууда. Айтор, ар бир аракетинен жамандык издегендер аны каралоо менен алек. Айтайын дегеним, Ширшовду суракка алып баштагандан  бери Максимдин кишисин актаганы атат деп чыгышты. Чынында Бакиевдер  “Мекенчил ” партиясына караганда “Бүтүн Кыргызстанга” жан тартарын билебиз. Айтайын дегеним, 2020-жылкы парламенттик шайлоодо “Мекенчил” партиясы шайлоого катышып, Садыр Жапаров камактан чыгат деген сөз жок учурда, Камчыбек Ташиев үнү бүткөнчө сүйлөп жүргөн кезде  кубаттадык. Шайлоонун чечүүчү күнү Бакиевдерге да чыктык. Бир да тыйын берген жок. Тагыраагы, Бакиевдердин көпчүлүгү Мадумаровго иштеди. Мен муну менен Садыр Жапаров Бакиевге да, Россияга да, Америкага да карыз эмес. Бул бийлик эч кимдин кызыкчылыгын коргобогону үчүн душманы көп болуп жатат. Кусуп жаткан олигархтардын  кишилери болушунча каралап, ыгы келсе, келбесе да бийликти сындап  жатышат.  

- Өмүрүбүздү тобокелге салып, “Мекенчил” партиясын колдосок, Садыр Жапаров бийликке келгени биз сүрүлүп калып, кечээ каршы чыгып жүргөндөр менен кызматташа баштады деген топ бар. Бул боюнча кандай ойдосуз?

- Негизи мындай жагдай бар. Айтайын дегеним, Сооронбай Жээнбековду саткандар эртең Садыр Жапаровду оңой эле сатып коёт. Ошон үчүн Садыр Жапаров бийликке жалгыз эмес, командасы менен келсе болмок. Президент менен Ташиев абдан жакшы иштеп жатканы менен кемчилик бар. Аны оңдош үчүн тегерегин тазалаш керек.