- Союз урап, Кыргыз өлкөсү эгемен алгандан бери анча-мынча жолдорду кошпогондо, бир дагы мамлекеттик имарат курулбаптыр. "Октябрь таңы аткандай" деп Токтогул акын ырдагандай, Октябрь революциясынын шарданы менен келген жаңы бийликке эл таң аткандай болуп, аябай үмүт кылган эле. Ошол эл үмүтүн, ишенимин аткаруу үчүн Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич ар кандай жолдорду издеп, таап мамлекет үчүн чоң эмгектерди кылып жатышат. Бийлике келишкенине аз убакыт болсо да, эң маанилүү делген Кыргыз аскеринин кубаттуулугун көтөрүштү. Тарыхта болуп көрбөгөндөй аскер техникалар, учкучсуз аппараттар менен камсыздай алды. Өзбекстан менен мамлекеттик чек арабыз 100 пайыз чечилип, мурункудай түшүнбөстүктөр токтоду. Тажикстан менен болгон чек аранын 970 чакырымынын 668 чакырымы такталды. Чакан ГЭСтер, өлкөбүздүн ички жолдору курулуп жатат.
Сүйүнө турган дагы бир нерсе, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече темир жолу. Мындай ири долбоорду баштоого бир жылда жетишүү - эрдик. Айлык акылар, пенсия-пособиялар көтөрүлүп жатканына баарыңыздар күбөсүздөр. Кылым аферасы аталган Кумтөрдү чет элдик шылуундардан соттошпой, сүйлөшүү жолу менен Кыргыз мамлекетине кайтарып алуу сыймык, элибиздин бактысы. Коррупция, контрабанда, терроризм, сепаратизм менен аёосуз күрөшүү да бийлик башындагы эки достун тайманбас эрки. Алар мамлекетке кайтарган акчалардын эсебинен көп иштер бүтүп жатат. Акчадан сырткары, уурулардан өндүрүлгөн ишканалар, гектарлаган жерлер өлкөбүздүн экономикасына салым кошууда. Ошол өндүрүлгөн жерлердин эсебинен Ак үй куруу демилгеси көтөрүлсө, сүйүнүштүн ордуна наалыгандар чыгып жатыптыр.
Урматтуулар, ошол Ак үй курулуучу жердин ордунда "Ысык-Көл" мейманканасы болгон. Ал көп жылдан бери каралбай, авариялык акыбалда болчу. Азыркы "тарыхий имарат болчу" деп кыйкыргандар жанына барып көрүшкөнбү? Эгер көргөн болсо эмнеге мурда көтөрүп чыгышкан эмес? Эми акылдарына кириштиби? Ошол жерге жаңы Ак үй курулса кандай сонун, биринчиден шаарыбызга көрк кошот, экинчиден, жол тыгындары азаят.
Манас айылы боюнча да айтайын, ал айылдын аты эле ыйык болбосо, заты мышыккана болуп калган эле. Манас - кыргыз рухунун туу чокусу, анын айылы кыргыз элин эле эмес, дүйнө элин суктанта тургандай деңгээлде болушу керек. Аны манасчыларыбыз билбейби? Манасчыбыз өтө күйсө, эмнеге азыркы акыбалга келгиче унчуккан эмес?
Урматтуу эл-журт, четтин тамагын ичкен кээ бирөөлөрдүн, байлыгынан, бийлигинен ажырагандардын бузукулук аракеттерине алданбай, ишенбей, "өсөөр эл өзүн мактайт" дегендей С.Жапаров менен К.Ташиевдин жүргүзүп жаткан саясатын колдоп, кубаттап туралы. Бир жылда ушунча иш кылышты, дагы алдыда чоң долбоорлорду ишке ашырышат деген ишенич чоң. Сен 100 пайыз патриот болсоң, мен 100 эсе ашыкча патриотмун деген президентибиздин сөзү менен аяктаймын.