Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жакында өздөрүн оппозициялык маанайдагы саясатчы катары көрсөтүп, "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" аттуу топ түзгөндөр тууралуу пикирин билдирди. Ал аталган топко кошулган саясатчыларды оппозиционер эмес, сынчы, комментатор катары гана кабыл алуу керек дейт.
"Мен баарын түшүнөм. Бирок оппозиция деп бул досторубузду атоо туура эмес. Равшан Бабыр уулу эки жарым миң добуш алган президенттик шайлоодо. 0.19 пайыз! Клара айымдыкы дурусураак - 1 пайыз - 14 миң добуш. Анан кайдагы оппозиция боло алышмак эле. Активист дегилечи, сураныч. Ошол туура болот! Калгандарын айтпай эле коеюн. Уят эле бирок. Саясатчы менен артист сезиш керек сахнадан качан түшүштү...
Эптеп эле чырдап, кыпчылып, "өрдөк жокто чулдук бий" болуу аракети. Оппозиция болот, азыр деле бар. Бирок бул активисттер эмес. Бузуку деп айтпайын. Бирок "Кумтөрдү" 100 пайыз элибизге кайтарылышына БУУ баш болуп, дүйнөлүк коомчулук суктанып, куттуктап, алкыш айтып атышса, булар тескери каршы чыгып аткандары бузукулук эмей эмне?" - деп жазды соцтармактагы баракчасына.
"Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" тобунда Равшан Жээнбеков баштаган бир катар мурда - кийин мамлекеттик кызматтарга аралашкан жана аралашпаган, мурдагы депутаттар, бейөкмөт уюмдарынын мүчөлөрү бар.