Акыркы учурларда атамбаевчилер жандана баштады. Ага бир чети таң калуунун деле кереги жок. Анткени, жаздын келиши менен ар кандай ызы-чууларды чыгарууну, кырдаалды курчутууну кѳздѳгѳн күчтѳр нааразылык акцияларды, митингдерди ѳткѳрѳ баштоосу адатка айлана баштады.

Абакта жаткан мурдагы президент Атамбаев буга окшогон далай митингдердин каржылоочусу да, идеологу да болуп келгени эч кимге жашыруун эмес. Ушундан улам Атамбаевдин акыркы убактардагы артисттик кылык-жоруктары, аны саясий курмандык, бийликтин кѳрсѳтмѳсү менен запкы жеп аткан бечара  катары кѳрсѳтүү аракеттери тегин жерден болбой атабы деген суроо пайда болот. Алдыдагы деструктивдүү иш-аракеттерге кыртыш, шылтоо даярдап жатышкандай.  Максаттары – ѳлкѳдѳгү туруктуулукту, саясий стабилдүүлктү бузуу. Аларды Орозо айы гана тизгиндеп, жоошутуп жаткандай. Орозо айы бүткѳн соң Атамбаевди абактан бошотуу талаптары менен  митингдер башталса, таң калбайлы. Андай максат, иш-аракеттердин сценарийинин артында Атамбаев ѳзү турса, ага да таң калбайлы.  Анын бийлик менен ооруган, бийлик деген кѳксѳѳсү  башынан ашкан, максатына жетүү үчүн адам ѳмүрлѳрүн түк кѳрбѳгѳн адам экенине 10 жылдан ашык убакытта  ынанып бүттүк. Ушундай адам Кыргызстанды 6 жыл башкарды. Мѳѳнѳтүнѳн мурда абактан чыгып, дагы башкаргысы, жогорку бийликтеги адамга дагы  аталык болгусу, ѳлкѳнү талап-тоногусу  бар. Бирок анын андай зулум ойлоруна, арам максатына жетүүгѳ жол берилбеши керек.

Атамбаев ѳлкѳгѳ чоң зыян келтирген, кыргыз эллине  кыянатчылык кылган  кылмышкер адам. Кылмышкер мыйзам чегинде ѳз жазасын алышы зарыл.