Кыргызстанда айрымдар жаздын келиши менен саясат да жанданып, кыймылдар  түзүлүп, бош жүргөн саясатчы аттуулар биригиши керек  дегенге аябай ишенип алышкан. Окшошсо, окшошпосо да жыл сайын жаз келгенде кандайдыр кыймыл, бирикмелердин түзүлүүсү жазылбаган салтка айланды. Бул ирет “Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылы” деген оппозициялык жаңы уюм түзүлүптүр. Курамын карап көрсөк, же саясатта жок, же кызматта жоктор, көптөн бери кызматсыз жүрүшүп зеригип, буулуккандар, бийликти сындай берсек бир нерсе тийип калабы деп үмүт эткендер, ар кайсы партия, саясий уюмдарга тийип, качып жүрө берип, саясаттагы «сойкуга» айлангандар экен. Андан көрө «Кызмат үмүт эткендердин кыймылы» деп аташса куп жарашмак.  Азыр Кыргызстанда демократиялык кыймылды түзүүнүн өзү күлкү келерлик. Мындай кыймыл автократиялык, тоталитардык өлкөдө түзүлсө, эрдик, жетишкендик катары баалайт элек. А бүгүн  Кыргызстанда демократиянын бардык баалуулуктары, принциптери сакталган. Демократия, сөз эркиндиги  бар үчүн кыймылдын курамындагылар ойлогондорун оттошуп, бийликти каалашынча сындап, сыпаттап келатышат.

Кыймылдын курамында Мамбетжунус Абылов, Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Кеӊешбек Дүйшөбаев,  Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, анан кыймыл, уюм түзүлсө эле жетип барчу саясатчы сөрөйлөр, активисттер жүрөт.

Мамбетжунус Абыловду түшүнсө болот. Кызмат үчүн баарына даяр, керек болсо 5-6 кыймылга мүчө болсо да таӊ калбайлы. 2010-жылдан бери бош. Бекназаровдун БЭК партиясына эрмешип, депутат болгусу келди эле, партия шайлоодо фиаского учураган. Андан бери Мамбетжунус мырза кошулбаган, колдобогон оппозиялык кыймыл, уюм калган жок. Бирок багы ачылып, көксөгөн бир кызматына жетпей койду.

Бектур Асановго да Бакиевдин кезинен бери ийгилик жылмайбай койду. 2020-жылдын октябрындагы окуядан кийин эки достун тилин таап, аларды мактап, жактап, бүгүнкүлөрдүн командасына кирүүгө жакшы эле аракет кылып, анысынан майнап болгон жок. Акыркы шайлоодо Текебаевге учкашты эле, анда да жаӊылышып көчөдө калды.

Равшан Жээнбеков кезинде Текебаевдин арты менен депутаттыкка шайланып, депутат болду. Бирок андан кийинки шайлоолордо жетиштүү добуш ала албай,  депутаттык мандат дегенде эки көзү төрт болуп келатат. Бир кездери өзү катыра сындап жүргөн Атамбаевдин колтугуна да  кирип, саясий максатына жетүүнү көздөдү. Атүгүл Кой-Таштагы ызы-чуунун уюштуруучуларынын бири да болду. Акыркы убакыттарда  Равшан мырза ашынган батышчыл катары Батыштан каржы алып, ар кандай деструктивдүү, провакациялык акцияларга катышып, саясий максат үчүн баарына кайыл экенин далилдеп келүүдө.

Ал эми генерал Кеӊешбек Дүйшөбаевди түшүнүп болбой калды. Ушул сыяктуу уюм, кыймылдарга кирет да, андан кийин аты-жыты жок болуп кетет. Сыягы эмне кааларын, эмне кылаарын өзү деле билбей калган өӊдүү.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова болсо акыркы учуларда деградацияланып эле баратат. Социалдык тармакта азыркы бийликти күч менен кулатууга чакырык жасап, кызматтын кумары башына тээп, өзүнүн айткан, дегендерине отчет бербей калгандай. Бекерчиликтен кимдерге гана кошулбады, кимдерди гана колдободу. Батышчылдарга кошулуп, Батыштын каражаттарынан да «ооз» тийип көрдү. Батыштан каржыланган Реформа партиясы менен шайлоого да катышты. Андан соӊ акыркы шайлоодо Текебаевге «учкашып» көрдү. Же мандаттан, же кызматтан жок Клара айымга да кыйын болду. Эми минтип кезектеги кыймылдин «этегин» кармаган  кези.

Асия Сасыкбаева менен Рита Карасартовага  шефи Текебаев текедей секирип Германияда кетип калгандан бери кыйын болду. Ишенген кожосу кетип, партия башчысы жок калып, эмне кылышты билбей калышкан кездери окшойт. Неси болсо да экөөндө теӊ НПОчу, активист катары тажрыйба зор эмеспи. Текебаев келгиче ушуга окшогон кыймылдардын көркүн ачып турса жаман болбойт.

Чынын айтканда, «туулбай жатып туна чөктү» дегендей, бул кыймылдын ишин токтотуп салыш оӊой эле. Экөө, үчөөсүнө «устукан» ыргытып койсо эле кыймылдын курамынан эч ким калбайт. Булардын күткөндөрү да, үмүт эткендери да «устукан». Бирок жаӊы демократиялык кыймылдын болгону эле оӊ. Демократиялык өлкөдө «бакырчаак төөлөрдүн» болгону жакшы. Анын үстүнө кыймылдагылардын баары Текебаев аймактчы, кыргыз  саясатындагы «никтолор».